00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" мыйзам долбоору талкуулоо учун диний ишмерлер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Президент мыйзамга түзөтүүлөр буга чейин дин аалымдары менен бир нече ирет талкууланганын, дагы бир жолу электен өткөрүп, анан Жогорку Кеңешке жиберүүнүн маанилүүлүгүн айтты. Садыр Жапаров аталган демилге сынга кабылып, радикалдуу пикирлер да болгонуна көңүл бурду. Ошондой эле ал Кыргызстан светтик мамлекет экенин эске салып, бирок муфтияттын жана Аалымдар кеңешинин позициясын бекемдөө зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле радикалдык элементтер менен күрөшүүдө диний ишмерлердин колдоосу талап кылынарын баса белгиледи. Өлкө башчынын айтымында, динге жамынып алып, тескери кеткендерди муфтият тарбиялап, оң жолго салышы керек. Ал эми "дааватты жоюп атат" дегендерге ал жоюлбастыгын, тескерисинче, канчалаган жарандар даават аркылуу оң жолго түшкөндүгүнө далилдер көп экенин айткан. Диний ишмерлер өз кезегинде мыйзам долбоорго алардын сунуштары эске алынганын белгилешти.
Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович Бишкекте Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Комиссиянын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, Ермолович Каржы министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин башчылары жана өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда Евразия экономикалык биримдигиндеги мамлекеттик сатып алуулар маселеси талкууланды. Ошондой эле тараптар ЕАЭБ ичинде роумингдеги ыңгайлуу тарифтерди бекитүү үчүн аны ишке ашырууга зарыл шарттардын планын сүйлөшүшкөн.
9-12-ноябрь күндөрү Талас шаарындагы спорт ордосунда бокс боюнча жаштар арасында Ата мекендик согуштун ардагери, даңк орденинин ээси Молдон Мураталиевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеши өтөт. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Талас облустук бокс федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. Катышуучулар 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг салмак категорияларында күч сынашат.
Россия Борбор Азияда туруктуулук өкүм сүрүп, өнүгүү болушуна кызыкдар. Бул тууралуу Владимир Путин эл аралык "Валдай" фоумунда айтты. Россиянын лидери буга чейин аталган региондо Россия менен Кытайды кагыштырууга аракет жасалып келгенин, андан эч майнап чыкпаганын белгиледи. "Эгер Кытай алардын экономикасына жардам берсе, аймакта ички саясий процесстер турукташып, мамлекеттүүлүк бекемделет. Россия буга кызыкдар, биз региондо туруктуу кырдаал өкүм сүрүп, стабилдүү өнүгүү болушун каалайбыз. Ошондуктан бул жагдайда эч кандай атаандаштык жок, болгону кызматташтык бар", — деди Путин. Ал Россия менен Борбор Азиянын ортосундагы салттуу байланыштарды өнүктүрүүгө эч нерсе тоскоол болбой турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0