https://sputnik.kg/20241110/1090089885.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаштар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаров... 10.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-10T11:00+0600
2024-11-10T11:00+0600
2024-11-10T11:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/0a/1090089753_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b4e3708b630ba1e8c886d65b69701c45.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаштар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаров бүгүнкү, 10-ноябрдагы, кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктап, өз сөзүндө жаштар өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви экендиги белгиледи. “Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн калкынын 35 %га жакынын жаштар түзөт. Социалдык өзгөрүүлөрдүн катализатору болгон биздин жаштарыбыз мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп келет. Илим-билимде, искусство менен маданиятта, спорт менен коомдук турмуштагы жетишкендигиңер Кыргызстандын келечеги кең экенин көрсөтүп турат. Жаштар – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви! Ошондуктан Кыргызстандын жаштары – биздин сыймыгыбыз жана үмүтүбүз”, - деди Жапаров. Ошондой эле мамлекет тарабынан жаштарды колдоо, потенциалын өнүктүрүү багытында бардык аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.
Пакистандагы теракта каза тапкандардын, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, теракта каза тапкандардын, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Пакистандагы Кыргызстандын элчилиги теракт орун алган Кветта шаарындагы мекендештер менен байланышта. Учурда Элчиликте Пакистандагы кыргызстандыктар үчүн ыкчам байланыш номерлери иштеп жатат. Эскерте кетсек, Пакистанда темир жол бекетинде теракт болуп, 24 адам каза таап, 46 киши жаракат алды
Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, чектөө бүгүн саат 08:20да алынды. Белгилей кетсек, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Жайыл районундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө кечээ, 9-ноябрда саат 17:15тен тартып убактылуу чектөө киргизилген.
Дональд Трамп Украина менен Израилге карата саясатын өзгөртө баштаганын РИА Новости Bloomberg басылмасына таянып жазды. "Жаңы шайланган президент Дональд Трамп кызматка эки айдан кийин гана киришет. Бирок ал АКШнын саясатын эки негизги түйүнгө — Израиль жана Украинага мелжеп баштады", — деп жазды басылма. Макалада Кошмо Штаттардагы кескин өзгөрүүлөр Украинада сезилип, андан улам Зеленский жакшы шарттарды түзүү үчүн активдүү болууга аракет кылып жатканы белгиленген. Ошондой эле басылма Трамптын жеңишинен Израиль утушу мүмкүн экенин жазган "Трамп Тегеран өзүнүн саясатын өзгөртүп, өзөктүк куралга ээ болууга умтуларын ачык билдирсе, Израилге Ирандын өзөктүк программасына сокку уруу үчүн көбүрөөк эркиндик берерин билдирген", — деп жазылган макалада. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Анда Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикалык партиядан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышкан. Бардык алдыңкы басылмалар Трамптын жеңгенин жарыялашты.
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаштар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаров бүгүнкү, 10-ноябрдагы, кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктап, өз сөзүндө жаштар өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви экендиги белгиледи. “Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн калкынын 35 %га жакынын жаштар түзөт. Социалдык өзгөрүүлөрдүн катализатору болгон биздин жаштарыбыз мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп келет. Илим-билимде, искусство менен маданиятта, спорт менен коомдук турмуштагы жетишкендигиңер Кыргызстандын келечеги кең экенин көрсөтүп турат. Жаштар – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви! Ошондуктан Кыргызстандын жаштары – биздин сыймыгыбыз жана үмүтүбүз”, - деди Жапаров. Ошондой эле мамлекет тарабынан жаштарды колдоо, потенциалын өнүктүрүү багытында бардык аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады. Пакистандагы теракта каза тапкандардын, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, теракта каза тапкандардын, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Пакистандагы Кыргызстандын элчилиги теракт орун алган Кветта шаарындагы мекендештер менен байланышта. Учурда Элчиликте Пакистандагы кыргызстандыктар үчүн ыкчам байланыш номерлери иштеп жатат. Эскерте кетсек, Пакистанда темир жол бекетинде теракт болуп, 24 адам каза таап, 46 киши жаракат алды Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, чектөө бүгүн саат 08:20да алынды. Белгилей кетсек, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Жайыл районундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө кечээ, 9-ноябрда саат 17:15тен тартып убактылуу чектөө киргизилген. Дональд Трамп Украина менен Израилге карата саясатын өзгөртө баштаганын РИА Новости Bloomberg басылмасына таянып жазды. "Жаңы шайланган президент Дональд Трамп кызматка эки айдан кийин гана киришет. Бирок ал АКШнын саясатын эки негизги түйүнгө — Израиль жана Украинага мелжеп баштады", — деп жазды басылма. Макалада Кошмо Штаттардагы кескин өзгөрүүлөр Украинада сезилип, андан улам Зеленский жакшы шарттарды түзүү үчүн активдүү болууга аракет кылып жатканы белгиленген. Ошондой эле басылма Трамптын жеңишинен Израиль утушу мүмкүн экенин жазган "Трамп Тегеран өзүнүн саясатын өзгөртүп, өзөктүк куралга ээ болууга умтуларын ачык билдирсе, Израилге Ирандын өзөктүк программасына сокку уруу үчүн көбүрөөк эркиндик берерин билдирген", — деп жазылган макалада. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Анда Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикалык партиядан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышкан. Бардык алдыңкы басылмалар Трамптын жеңгенин жарыялашты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/0a/1090089753_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_25a83f249c43e9418d17705810a998fd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио