00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Саламдашуу — адептин башаты. Канткенде жаштарга учурашуунун маанисин, адебин үйрөтөбүз?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Итоги Российско-Кыргызского медиафорума: как медиа формируют ценности молодежи?
18:09
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Орто Азияда кыз-келиндердин арасынан чыккан биринчи хирург, академик Какиш Рыскулова
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
12 мин
Об экономике и не только
Продвижение идей Великого Турана — каковы цели Турции в ЦА?
20:13
55 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна аралыктан добуш берүүгө 9050 арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аралыктан добуш берүүгө түшкөн арыздардын басымдуу бөлүгү жаштардан түшкөн. Тактап айтканда кайрылгандардын 72 пайызы 18 жаштан 35 жашка чейинки жарандар. “Арыздардын эң көбү, 2134 кайрылуу Кыргыз улуттук университетиндеги кабыл алуу пунктуна түштү. Андан кийинки орунда Каракол шаары турат, ал жерге 1547 адам кайрылды алардын басымдуу бөлүгү Кумтөрдө иштегендер”, - деп айтылат маалыматта. Аралыктан добуш ыкмасы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда биринчи жолу колдонулуп жатат. Мындай чара мүмкүн болушунча көп киши аралыктан добуш берүү мүмкүндүгүн алышы үчүн көрүлүүдө.
Пакистандагы теракта каза тапкандардын, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, теракта каза тапкандардын, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Пакистандагы Кыргызстандын элчилиги теракт орун алган Кветта шаарындагы мекендештер менен байланышта. Учурда Элчиликте Пакистандагы кыргызстандыктар үчүн ыкчам байланыш номерлери иштеп жатат. Эскерте кетсек, Пакистанда темир жол бекетинде теракт болуп, 24 адам каза таап, 46 киши жаракат алды
Нарын дарыясына боюн таштаган кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, дарыяга боюн таштаган кызды издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 16 куткаруучусу, 7 милиция кызматкери болуп, жалпы 23 адам тартылган. Ак-Талаа райондук куткаруучулар тобу экиге бөлүнүп, Ак-Тал айылынан баштап Нарын дарыясын жээктеп батышты карай Үгүт айылын көздөй издеп жатышат.Эскерте кетсек, 2-ноябрь күнү Нарын шаарындагы Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 17 жаштагы кыз Нарын дарыясына боюн таштаганы маалымдалган. Ошол күндөн бери кызды издөө иштери жүрүп жатат.
Президенттик шайлоодогу Дональд Трамптын жеңишинен кийин Владимир Зеленский бийликтен кол жуушу мүмкүн. Мындай пикирин 2014-жылы Майдандагы адам өлтүрүүлөр тууралуу иликтөөнүн автору, Оттава университетинин профессору Иван Качановский X социалдык тармагында жазганын РИА Новости кабарлады. "Трамптын жеңишинен кийин Зеленскийди бийликтен алуу ыктымалдуулугу өтө чоң", — деп жазылат анда. Качановскийдин айтымында, киевдик режимге карапайым украиналыктар гана эмес, элита дагы каршы чыгат. Ал тургай Зеленскийди жандап жүргөндөр деле мындай кадамга барышы мүмкүн. Мурдараак Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Трамптын жеңишине Зеленскийдин катуу таңданганын көргөнүн айткан. Фицо киевдик режимдин башчысы Украинадагы жаңжал токтосо Киевдин бийлигине саясий мандатка да бара албай калам деп коркорун айткан. Трамп буга чейин Ак үйдүн Украина боюнча иштерин сындап келген. Ал эми Зеленскийди Вашингтонго келген ар бир сапары көптөгөн миллиард долларлык жардам алуу менен аяктаган “соодагер” деп атаган. Ошондой эле Ураинадагы согушту сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга кудурети жетерин, ал тургай муну бир сутка ичинде чече аларын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0