00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
2 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
0 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Тема дня
Сертификация навыков без учебы в колледже: как это работает?
18:05
45 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Айыл чарба азыктарынын экспорттун көбөйтүү үчүн кандай иштер аткарылууда?
23:05
42 мин
06:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
2 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аймактарга жаштар үчүн борборлор курулат. Жапаровдун куттуктоосу

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2024
Жазылуу
Учурда өлкө калкынын 35 пайызын жаштар түзөт.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн аймактарындагы жаштар убактысын туура пайдаланып, жаңы билимдерди өздөштүрүүсү үчүн керектүү жабдыктар, техникалар менен камсыздалган борборлор курулмакчы. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктоосунда билдирди.
Анда белгиленгендей, учурда өлкө калкынын 35 пайызга жакынын жаштар түзөт. Жапаров социалдык өзгөрүүлөрдүн катализатору болгон жаштар мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп келерин айткан.
"Илим-билимде, искусство-маданиятта, спорт менен коомдук турмуштагы жетишкендигиңер Кыргызстандын келечеги кең экенин көрсөтүп турат. Жаштар өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви. Ошондуктан Кыргызстандын жаштары биздин сыймыгыбыз жана үмүтүбүз", – деген президент.
Ал ошондой эле мамлекет тарабынан жаштарды колдоо, потенциалын өнүктүрүү багытында көрүлүп жаткан иш-аракеттерди санап өткөн.
"Жаштар жөнүндө" мыйзамды ишке ашыруунун алкагында "Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартиби жөнүндө жобонун", "Жаштар кыймылы жөнүндө жобонун" жана башка мыйзам алдындагы актылардын негизинде бир катар иш-аракеттер көрүлүүдө. Маселен, жаштардын шайлоолорго катышуусун камсыздоо, алардын шайлоо процесстериндеги пассивдүүлүгүн алдын алууга багытталган "Катыш. Танда. Шайла" долбоору ишке ашырылууда”, – деген Жапаров.
Өлкө башчы мамлекет жаштардын ой-кыялына, дем-күчүнө, креативдүү демилгелерине муктаж экенин белгилеп, жаштарды мындан ары дагы жигердүү болууга, жоопкерчилик алуудан коркпоого жана жаңы бийиктиктерди багындырууга чакырган.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2024
Ата-бабалардын таберигин урпактарга татыктуу өткөрүү. Садыр Жапаров элге кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0