00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Эр-Рияд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда мындан аркы кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланган."Мамлекет башчысы фонддун ар кыл тармактардагы долбоорлорду каржылоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, учурдагы программаларды тездетип аяктоо жана экономика менен социалдык чөйрөдөгү кызматташтыктын жаңы этаптарын баштоо үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Президент мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта. Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад фонд кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону улантуу ниетин ырастады. Бул контекстте Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 38 мамлекеттик мектептин курулушуна 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүнү карап чыгары белгиленген.
Чүйдүн Аламүдүн районунда 73 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелип кошунасы кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди. Маалыматка караганда, 24-октябрда баштан-аяк электр зымы менен таңылган А.Д. аттуу кишинин сөөгү Бер-Булак айылындагы үйдөн табылган. Факт каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында маркумдун 28 жаштагы Ш.А. аттуу кошунасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. "А.Д. аттуу жаран октябрь айынын башында үйүн 60 миң долларга сатып, акчасын 28 жаштагы Ш.А. аттуу ишенген кошунасына "сактап тур" деп берген. Бирок коңшусу каражаттын баарын коротуп салгандыктан аны өлтүрүүнү чечкен", — деп айтылат маалыматта. Шектүү "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча айыпталып, №1 тергөө абагына киргизилди.
Чолпон-Атада 100 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды Капсула салуу аземине саламаттык сактоо министри, ЖК депутаттары, президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү, медиктер катышкан. Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратын курууга республикалык бюджеттен 282 миллион сом бөлүнгөн.
Калктын аялуу бөлүгүнүн көбү экстремалдык климаттык кубулуштар менен бетме-бет келгенде өздөрүнчө калып калышууда. Бул туурасында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Бакуда Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциянын тараптарынын 29-конференциясында айтты. Саммит Азербайжанда кечээ, 11-ноябрда, башталган. Иш-чарада климаттык өзгөрүүлөргө ылайыкташуу боюнча каржылык маселелер да талкууланууда. Башкы катчы каржылык тартыштык маселеси эң аялуу катмарларды коргоо жана климаттын кесепеттерин жеңилдетүү үчүн өтө маанилүү экендигине токтолгон.Гутерриш олуттуу финансылык ажырым тууралуу сүйлөп жатып, 2030-жылга карата адаптацияга болгон муктаждык менен жеткиликтүү каржылоонун ортосундагы ажырым жылына 359 миллиард долларга жетиши мүмкүндүгүн айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0