00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
"Кумтөр" долбоору мамлекетке өткөндүктөн үч жылга жетпеген убакыт аралыгында 1 миллиард 77 миллион доллар таза киреше түштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. "Тоо-кен тармагында революциялык эмес, эволюциялык окуялар болду. 30 жылдан бери биринчи жолу Кыргыз мамлекетинин экономикалык, улуттук жана экологиялык кызыкчылыгы иш жүзүндө корголду. 27 жылда Кумтөрдөн 400 тонна алтын өндүрүп 100 миллион доллар дивиденд алсак, азыр 2,5 жылда 38 тонна алтын өндүрүп 291 миллион доллар дивиденд алдык. Ал эми салыктык жана башка төлөмдөрдөн бюджетке үч жылда 990 миллион доллар түштү", — деди Жапаров. Ал ошондой эле өлкө тарыхында биринчи жолу геологиялык чалгындоого 1 миллиард сом бөлүнгөнүн айтып, тоо-кен ишканалары өлкөгө үч жылда 111 миллиард сом киреше бергенин белгиледи.
Евразия экономикалык биримдиги менен Түштүк Америка өлкөлөрүнүн соода союзу мамлекеттеринин ортосундагы соода кыйла өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов билдирди. Ал Бразилиянын Финансы министрлигинин бажы процесстерин жөндөө катчылыгынын жетекчиси Клаудиа Томаз менен жолуккан. "Быйылкы жылдын январь-август айларында ЕАЭБ менен Түштүк Америка өлкөлөрүнүн соода союзунун ортосундагы соода былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 16,7 пайызга өскөн", — деди Давыдов. Анын айтымында, жалпы сооданын 87,9 пайызы Бразилияга туш келет. Сегиз айда 2023-жылга салыштырмалуу 15,9 пайызга жогорулаган. Ал эми ЕАЭБден Бразилияга жасалган экспорттун көлөмү 32,1 пайызга өскөн.
УКМКнын Анарбек Бакаев атындагы академиясы 2025-2026-окуу жылына карата курсанттарды кабыл алат. Бул үчүн талапкердин жашы 17-21ге чейин, бою 170 сантиметрден жогору, салмагы кеминде 60 килограмм болушу керек. Толук орто билими жөнүндө аттестатында окуудагы жетишкендиктери боюнча орточо баллы 4 упай болушу шарт. Ошондой эле өзү, жакын туугандары сот жообуна тартылбашы, өзү, жакын туугандары чет мамлекеттин жараны болбошу керек. Аңгемелешүүдөн өткөн талапкер дарыгерлерден, IQ-тесттен өтүп, дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди, экзамен тапшырат.
Нарын – Орук – Там унаа жолу 2025-жылдын 15-апрелине чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу "Кыргызавтожолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчы буйругунун негизинде кабыл алынды. Ошентип, Нарын – Орук – Там унаа жолунун Эки-Нарын айылынын 50-чакырым аралыгынан Капчыгай бөлүгүнүн 75-чакырымына чейинки унаа жолунун кыш мезгилинде аба-ырайынын жана жол шартынын татаалдыгынан тейлөөгө мүмкүн болбогонуна, кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири материалдык чыгымдардын болушуна жол бербөө максатында 2024-жылдын 14-ноябрынан тарта, 2025-жылдын 15-апрелине чейин убактылуу жабылды. Ааталган унаа жолу жыл сайын ноябрь айынан апрель айына чейин жабылары кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0