00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:03
47 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
AFCNetтин Башкы ассамблеясына «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борбору мүчө болду
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Кара-Суудагы Жаңы-Барак айылын ачты.Аймак 38 гектар жерди ээлеп, бир типтеги, бардык шарттары менен 110 үй беш айда салынган. Эми айылга мамлекеттик ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үйлөр түшөт."Эң негизгиси, эл жыргал жашоодо жашаса бизге ошол бакыт. Ушул үйлөрдүн жанына көп кабаттуу үйлөрдү да салабыз, жакында иштер башталат. Батирлер бир үйдө жашап жаткан бир нече үй-бүлөгө ипотека аркылуу 20-25 жылга берилет", — деди айылдын ачылыш аземине катышкан өлкө башчы Садыр Жапаров.Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара такташканда жер алмашкан. Анын алкагында Кыргызстан Барак эксклавын Өзбекстанга берип, Кара-Суу району жактан 208 гектар жер алган. Ал эми эксклавдын жашоочулары үчүн Кара-Суу районуна Жаңы-Барак айылы курула баштаган.
Бишкекте хирургдар бейтаптын жулунуп кеткен колун тигишти. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүнүн дарыгери Акбар Жороев билдирди.Операция 3,5 саатка созулган."Операцияны мени менен бирге хирург Султан Оморов жасады. Бейтап 37 жашта, оор абалда башка облустан алып келинген. Ал кишинин сөөктөрү сынып, кан тамырлары жарылып кеткен. Колун тигип бердик, ал кадимкидей иштеп кетет. Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык", — деди Жороев.
Кийинки жылы Бишкекте жети көчө оңдолуп, үч жаңы жол салынат. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев парламентте билдирди.Ал ошондой эле шаардагы автотыгын маселесин чечүү үчүн көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайлар куруларын айтты."Бул жайларды кура турган ишкерлерге аукциону жок эле түз келишим менен жерлерди бергенге даярбыз. Өкмөттөн 40 жер бергиле деген тапшырма түшкөн, азыр 6 жерибиз бар, башкасын дагы караштырып жатабыз", — деди калаа башчысы.Ал, мындан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдүн дүкөнгө айланып кеткен унаа токтотуучу жайлары кайтарыларын кошумчалады. Ал эми "алтын квадраттагы" унаа токтотуучу жайлардын баасы тууралуу жоболор иштелип чыкканын, акы саат сайын геометриялык прогрессия менен өсө турганын айтты.
АКШда президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды токтотууга мезгил келип жеткенин айтып, буга катуу киришүүнү убадалады. Бул тууралуу ал Мар-а-Лагодогу турагында өткөн иш-чарада билдиргенин РИА Новости жазды. Анткен менен чырды чечүүнүн жолдорун ачыктаган эмес. Трамп Украина маселеси боюнча көп ирет айткан, шайлоо алдындагы убадаларынын бири да украин чырын жөнгө салуу болчу. Ал эми Россия бул өтө талуу маселени жөн эле чечип коюу мүмкүн эмес экенин айтып келет. Мындан тышкары, Трамп АКШнын Украина жаңжалына жасаган мамилесин да, Владимир Зеленскийди да нечен ирет сындаганы маалым. Эскерте кетсек, жайдын башында РФ лидери Владимир Путин украин чырын жөнгө салуунун жолун сунуштаган. Анын айтымында, Москва украин күчтөрү Россиянын жаңы аймактарынан чыгып кеткенден кийин дароо сүйлөшүүгө даяр болот. Мындан тышкары, Киев НАТОго кошулуу ниетинен баш тартып, демилитаризация жана денацификация жасап, ошондой эле нейтралдуу, блоктон тышкаркы жана өзөксүз макамын кабыл алышы шарт. Буга кошумча, Путин Россиядан санкциялар алынышы керектигин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0