00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:03
47 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
AFCNetтин Башкы ассамблеясына «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борбору мүчө болду
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун кебине жооп кайтарды. Дипломатиялык өкүлчүлүк коомдук ишмердин тарыхый чындыкты бурмалоого багытталган, атап айтканда, "орустардан маданият, илим жана техника болушу мүмкүн эмес" деген сөздөрүнө тынчсыздануу менен көңүл бурат. "Өлкөсүнүн түптөлүшүнүн тарыхын билбегендигин Өмүрбек Абдырахмановдун өз абийирине коелу. Улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар-жогу текшерилүүгө тийиш болгон мындай ачык билдирүүлөр биздин ата-бабаларыбыз чогуу жеткен ийгиликтерди да, сыноолорду да эсте сактоо рухуна ачык эле карама-каршы келет", — деди элчилик. Дипломатиялык өкүлчүлүк Кыргызстан менен Россиянын бир тууган элдеринин ортосундагы ажырагыс байланышты калыптандырган жана бекемдеген тарыхтын жалпы барактарын кемсинтүү каралоого жатат деп эсептейт.
Олимпиаданын кышкы оюндарынын курамына өзгөртүү киргизбей ушул тейде дагы 60 жыл өткөрүүгө болот. Бул туурасында Бакуда өткөн COP29 конференциясынын жүрүшүндө айтылды. Азербайжанда климаттын өзгөрүшү спорттун кышкы оюндарын мындан ары уюштуруп-өткөрүп турууга кандай таасир тийгизерин атайын иликтеп чыккан эмгектин бет ачары өттү. Изилдөөдө зыяндуу заттар азыраак бөлүнүп чыгып, Олимпиада оюндарын өткөрүүчү аймактардын 2080-жылдарга чейин жок болуп кетпей турганы мындан 100 жыл мурда Шамониде (Франция) башталган спорттук традицияны улантууга мүмкүнчүлүк берери белгиленген. Ал эми эми зыяндуу заттар көп бөлүнүп чыкса жарым кылымдан кийин андай жерлер азая турганы айтылган. Эксперттердин айтымында, быйыл дүйнө аталган макулдашууда белгиленген 1,5°C деңгээлиндеги глобалдуу жылуулуктун кооптуу астанасын аттады. Тоолордогу температура орто эсеп менен акыркы он жылдыкта 0,3 градуска көтөрүлдү, ал эми XX кылымдын акыркы он жылдыгында 0,2 градуска жогорулаган.
Россия Ош шаарындагы курал-жарак жана аскердик техниканы тейлеп оңдогон пунктуга көмөкчү жабдууларды тапшырганын Кыргызстандын Коргоо министрлиги кабарлады.Салтанат №12861 аскер бөлүгүнүн базасында өттү. Делегацияны Россиянын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташуу боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, генерал-майор Виктор Шевцов жетектеп келген.
Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп АКШнын Улуттук чалгын кызматын жетектөөгө Тулси Габбарддын талапкерлигин сунуштаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Чоң кубаныч менен Улуттук чалгын кызматынын директору болуп мурунку конгрессчи, подполковник Тулси Габбард дайындаларын жар салам", — деген Трамп. Габбард Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө 11-сентябрдагы терактыдан кийин кирип, согуш жүргөн аймактарда да болгон. 2022-жылы Демократиялык партиядан чыгып, эркин саясатчы катары ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. 2023-жылдын июлунда Байдендин саясаты АКШны өзөктүк кагылышууга түртүп жатканын, ал эми "Россия менен болгон прокси-согуш" улам курчуп баратканын билдирген.Трамп 5-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетип, Ак үйгө кайтып келген экинчи саясатчы болуп калды. Демократиялык партиядан чыккан атаандашы Камала Харрис жеңилгенин моюндап, Трампты куттуктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0