00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент депутаттарга кызматтык унаа берүүдөн баш тартты Бүгүн вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев эл өкүлдөрүнө кызматтык унааларды кайтарып берүүнү сунуштаган. Ал унаалар депутаттарга эл менен тыгыз иштешүүгө жана маселелерди аймактарда чечүү үчүн керектигин айткан. Буга чейин президент аталган мыйзам долбоорун артка кайтарган эле. ЖК комитетинин отурумунда финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева бул үчүн кошумча унаалар менен айдоочуларды жумушка алуу керектигин, 2025-2026-жылга карата бюджетте акча каралбаганын айтты. Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун четке какты.
Кыргызстанда 2025-жылы пенсия көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Социалдык фонддун башкаруучулугунун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Ал Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынына катышкан. "Мыйзам боюнча, жыл сайын инфляциянын өлчөмүн индексациялап турушубуз керек. 2025-жылдын бюджетине пенсияны жети пайызга көбөйтүүнү, жалпысынан пенсияны көтөрүүгө 1 миллиард 300 миллион сомду киргизип жатабыз", — деди Алиев. Ал учурда өлкөдө эң аз берилген пенсия 6 900 сомду түзөрүн кошумчалады.
Парламенттин комитеттик отурумунда кайрадан Бишкектеги райондордун аталышын өзгөртүү сунушталды Бул ирет мындай демилгени вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев көтөрдү. Ал мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевге кайрылып, Кыргызстан боюнча аталышы өзгөрө турган аймактарды, анын ичинде Бишкектин төрт районун кошуп бир мыйзам долбоору менен алып келүүнү сунуштады. Базарбаев аталышты өзгөртүү демилгесин мыйзам боюнча эң биринчи жергиликтүү тургундар көтөрүшү керектигин айтып, бирок суроону карап чыгарын убадалады. Борбор калаанын райондорунун аталышын өзгөртүү маселеси буга чейин да сунушталган.
Жакында ордо калаа Бишкектин жаңы башкы планы иштелип чыгат. Бул тууралуу Мамкурулуштун директорунун орун басары Талант Иманакун уулу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.Анын айтымында, бул административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калаанын аянты кеңейгенине байланыштуу болуп жатат."Бишкектин жаңы башкы планын түзүп, парламенттин талкуусуна алып келебиз. Анда кайсы жерде көп кабаттуу үй, кайсы жерде жеке турак жай же дүкөн болушу керектиги так бекитилет", — деди Иманакун уулу.Эскерте кетсек, административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкекке Аламүдүн жана Сокулук райондорунун айыл аймактары, айылдар, жаңы конуштар кошулган.
Алыска атылуучу ракеталар Украина аркылуу Россияга каршы колдонулса, анда жаңжалдын маңызы түп-тамырынан өзгөрөт. Бул тууралуу РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова билдиргенин ведомствонун сайтына жарыяланды. Ал Киев Россиянын тереңине алыска атылуучу ракеталар менен сокку урууга алган уруксаты азырынча расмий булактарга таянып айтылганы белгисиз экенин белгиледи. Бирок Киев режими жеңилери менен анын Батыштагы колдоочулары Россияга каршы жасалган гибриддик согушту ырбатары анык экенин кошумчалады.Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Украинага ыраакка атылуучу ATACMS ракеталары менен Россиянын тереңдеги аймактарына сокку урууга уруксат бергенин New York Times америкалык администрациянын өкүлдөрүнө таянуу менен билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0