00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн автоунаа ээлери май куйганда ар бир литрине 1 сомдон кошуп төлөшү мүмкүн. Бүгүн парламент Жол фонду тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда колдоду. Документке ылайык, айдоочулар ар бир литр бензин, дизелдин баасына 1 сомдон кошуп төлөйт. Чогулган каражат Жол фондуна түшүп, анын эсебинен республикадагы жолдор оңдолуп, реконструкцияланат. Мындай жыйым "жолдо көбүрөөк жүргөндөр көбүрөөк төлөйт" принциби менен иштейт. Мыйзам кабыл алынса Жол фондунун бюджети жети миллиард сомго көтөрүлөрүн транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев парламентте айтып берди. Ал 2023-жылы фондго 4,5 миллиард сом түшкөнүн, быйыл жылдын аягына чейин 5 миллиард сомдон ашык акча түшөрү күтүлүп жатканын кошумчалады.
Азыр өмүр бою бир кесипте иштөө деген түшүнүк өзүнүн актуалдуулугун жоготту. Мындай пикирин билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азиянын ЖОЖдорунун ректорлорунун жыйынында айтты. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган бул иш-чара "Глобалдуу маселелер маалында Борбор Азия университеттеринин өзгөрүшү" деп аталды. "Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматтарына таянсак, жакынкы мезгилдерде 57 кесип өзгөрөт. Өмүр бою бир кесипте иштөө деген түшүнүк өзүнүн актуалдуулугун жоготту", — деди министр айым. Ал учурда жасалма интеллект адамдардын ордуна иштээрин айтты.
Кыргызстандын футбол командасы Иранга 2:3 эсеби менен жеңилип калды. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Иран 16 упай менен А тайпасында лидер бойдон калды. "Ак шумкарлар" үч упай менен бешинчи орунда. Кыргызстандык футболчулардын квалификациянын кийинки этабына өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Алдыда төрт оюн күтүп турат.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Украинанын алыска атылуучу ракеталарды колдонушу өзөктүк чыр-чатактын чыгуу кооптуулугун күчөтөрүн айтты. Өлкө лидери бул тууралу Бразилияда өткөн G20 саммитинин жыйынтыгы менен өткөн маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды. "Өзөктүк курал пайдаланылган жаңжал эч кимге пайда алып келбейт. Украина колдонуп жаткан ракеталар кырдаал эмнеге кептей турганын көрсөттү. Мындай терс жагдайларга каршы позициябызды сактоо менен тараптар тынчтыкка келүүгө ыктайт деп ишенебиз. Биз тынчтыкты камсыздоо боюнча чараларды көрө беребиз", — деди Эрдоган маалымат жыйында. Президент, мындан тышкары, Россиянын жаңыланган өзөктүк доктринасына да көңүл бурду. Анын айтымында, бул — Москванын НАТОнун аракеттерине жооп чарасы. "Доктрина — биринчи кезекте Россиянын өзүнө каршы жасалган аракеттерге жооп иретиндеги кадамы. Документ НАТОнун расмий адамдары тарабынан каралышы керек, — деди Эрдоган. Эскерте кетсек, New York Times гезити америкалык администрациядагы кызматкерлерге таянуу менен АКШ президенти Жо Байден Украинага Россиянын тереңине сокку уруу үчүн ыраакка атылуучу ракеталарды колдонууга уруксат бергенин жазган. Маалымат бергендердин айтымында, биринчи соккулар "Атакмс" ракеталары менен жасалмак. ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель аталган курал менен 300 чакырым радиус аралыкка сокку урууга болорун тастыктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0