00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Тышкы иштер министрлиги Россия аймагында миграция мыйзамдарын бузуу менен жүргөн кыргызстандыктарга кайрылды. Россиянын компетенттүү органдарынын берген маалыматы боюнча, октябрга карата Кыргызстандын 71 949 жараны миграция мыйзамдарын бузуу менен, башкача айтканда, "тобокелдик зонасында" жүрөт. ТИМ бул категорияга Россиянын Ички иштер министрлигинин базасында эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзгөндүгү, манжа изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, миграциялык каттоого тургандыгы жөнүндө маалыматы жок адамдар кирерин түшүндүрдү. Эгерде Россияда мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган документтери болсо Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, "тобокелдик зонасынан" чыгууга аракет көрүшү керектиги айтылды.
Кыргызстан быйыл өзүн жумуртка менен толук камсыздоого жетишти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады. Маалыматта аталган министрлик Канаттуулар ассоциациясы менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койгону айтылат. Канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө карата мамилени жөнгө салган документ фермерлерди колдоого багытталган. "2024-жылы Кыргызстан тоок жумурткасы менен өзүн-өзү толук камсыздоого жетишип, канаттуулар тармагында жылыштар болду. Ал эми тоок этине болгон муктаждык 35-40 пайызга камсыздалган. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн ири долбоорлор ишке ашырылып жатат", — деп айтылат маалыматта. Аталган демилгелер өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталганы, бул Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизери белгиленген.
Бишкекте Кыргыз-Россия Славян университетинин базасында Россия-Кыргыз медиафоруму өтүүдө. Иш-чаранын ачылышына билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин атташеси Роберт Федоров, Россиянын Илим жана жогорку билим министрлигинин маалыматтык саясат жана комплекстүү коопсуздук департаментинин директору Андрей Толмачев жана башкалар катышты.Толмачев белгилегендей, медиафорумдун катышуучулары тажрыйбасы жана кесиптик билими менен бөлүшүшөт. КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу катышуучулар маалымат мейкиндигин өзгөртпөө канчалык маанилүү экенин талкуулашы керектигин белгиледи.
Батыш цивилизациясынын 500 жылдан бери үстөмдүк кылып келе жаткан доору соңуна чыкты, аалам чордонун Батышка оодаруу стратегиясы кыйрап, дүйнөлүк экономика Чыгышка нугун бурду, кийинки кылым Евразиянын мезгили болот. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Будапештте өтүп жаткан "Евразия" форумунда билдиргенин РИА Новости жазды. Орбандын айтымында, ушу тапта Азия мамлекеттери "күчтүүлүк кылып, бутуна туруп, экономикалык жана саясий жактан көз каранды болбой жашап кетерин далилдешти". Премьер-министр "кийинки кылым Евразиянын доору болорун" божомолдоду. Анын айтымында, Евразия Жер калкынын 70 пайызы жашаган жана дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 70 пайыздан ашкан эң ири континент болуп саналат.
Жаңылыктар түрмөгү
0