https://sputnik.kg/20241123/1090363890.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров "Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуу менен салык... 23.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-23T08:59+0600
2024-11-23T08:59+0600
2024-11-23T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/17/1090363758_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_268e2f645b2ae8eeb6d663513a21e193.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров "Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуу менен салык салуудан качууну алдын алуу жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Тиешелүү макулдашууга 24-апрелде Баку шаарында кол коюлуп, мыйзам өзү Жогорку Кеңеш тарабынан 23-октябрда кабыл алынган. Макулдашуу кош салык салууну болтурбоо жана бир гана өлкөдө салык салуу боюнча кепилдиктерди берүү жолу менен чет өлкөлүк компанияларга ар кандай тармактарга инвестиция салуусуна шарт түзөт.
Бишкектен Балыкчыга чейин тез жүрүүчү поезд каттатуу долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирди. Усубакуновдун айтымында, бул жолду кийин Чолпон-Атага чейин узартуу боюнча Беларустун компаниясы менен макулдашылууда. "Беларустук компанияга техникалык документтердин баары берилген, алардын жообу келсе долбоордун баасы аныкталмакчы", — деди ал. Поезд жол ачыла турган болсо Бишкектен Караколго жүргүнчүлөр 1,5-2 саатта жетип калат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 4,5 миллиард доллар керектелет.
Кыргызстанда 65 жаштан өйдө курактагы 407 миңден ашык карыя бар. Алар жалпы калктын 4,7 пайызын түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору Нуржан Алапаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. "Министрликке караштуу карылар жана майыптыр үчүн кызмат кылган 5 социалдык-стационардык мекеме бар. Анда 2 399 жаран кызмат алат. Алардын абалы дайыма көзөмөлдө. Видеобайкоолор орнотулган. Ошону менен бирге эле тамак-ашынын минималдык өлчөмү жана ага бөлүнгөн каражат да 100 пайызга көбөйтүлгөн", — деди Алапаева. Ал үч миңге жакын карыяны социалдык кызматкерлер үйүнө барып тейлеп, көмөктөшүп турарын кошумчалады.
Өлкөнүн динамикалык өнүгүүсү үчүн жана чыңалган демографиялык абалдан улам Россия эмгек мигранттарына муктаж, алардын келишин кубаттайт. Бул туурасында Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды. "Мигранттар — бул муктаждык. Бизде демографилык абал оор. Эң чоң өлкөдө жашаганыбыз менен азбыз. Динамикалык өнүүгүбүз үчүн жана бул жааттагы бардык пландарды ишке ашыруу үчүн, албетте, бизге жумушчу күч керек. Мигранттардын келишин кубаттайбыз", — деген ал. Анын айтымында, эрежелерди жөнгө салып, иретке келтириш керек. "Биз катаал, бирок ыңгайлуу болгон эрежелерди кабыл алышыбыз зарыл", — деп кошумчалаган Песков.Мурдараак Владимир Путин мигранттарды киргизүүдө биринчи иретте өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыктары каралышы керектигин айткан. Россияга анын каада-салтын, тарыхын, тилин сыйлагандар келип, бул негизги принцип болушу зарыл экенине токтолгон. Ал, мындан сырткары, Россияга келген мигранттар "адамча" жашап жана бардык тиешелүү шарттарды пайдалынышы керектигин белгилеген.
Президент Садыр Жапаров "Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуу менен салык салуудан качууну алдын алуу жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Тиешелүү макулдашууга 24-апрелде Баку шаарында кол коюлуп, мыйзам өзү Жогорку Кеңеш тарабынан 23-октябрда кабыл алынган. Макулдашуу кош салык салууну болтурбоо жана бир гана өлкөдө салык салуу боюнча кепилдиктерди берүү жолу менен чет өлкөлүк компанияларга ар кандай тармактарга инвестиция салуусуна шарт түзөт. Бишкектен Балыкчыга чейин тез жүрүүчү поезд каттатуу долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирди. Усубакуновдун айтымында, бул жолду кийин Чолпон-Атага чейин узартуу боюнча Беларустун компаниясы менен макулдашылууда. "Беларустук компанияга техникалык документтердин баары берилген, алардын жообу келсе долбоордун баасы аныкталмакчы", — деди ал. Поезд жол ачыла турган болсо Бишкектен Караколго жүргүнчүлөр 1,5-2 саатта жетип калат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 4,5 миллиард доллар керектелет. Кыргызстанда 65 жаштан өйдө курактагы 407 миңден ашык карыя бар. Алар жалпы калктын 4,7 пайызын түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору Нуржан Алапаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. "Министрликке караштуу карылар жана майыптыр үчүн кызмат кылган 5 социалдык-стационардык мекеме бар. Анда 2 399 жаран кызмат алат. Алардын абалы дайыма көзөмөлдө. Видеобайкоолор орнотулган. Ошону менен бирге эле тамак-ашынын минималдык өлчөмү жана ага бөлүнгөн каражат да 100 пайызга көбөйтүлгөн", — деди Алапаева. Ал үч миңге жакын карыяны социалдык кызматкерлер үйүнө барып тейлеп, көмөктөшүп турарын кошумчалады. Өлкөнүн динамикалык өнүгүүсү үчүн жана чыңалган демографиялык абалдан улам Россия эмгек мигранттарына муктаж, алардын келишин кубаттайт. Бул туурасында Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды. "Мигранттар — бул муктаждык. Бизде демографилык абал оор. Эң чоң өлкөдө жашаганыбыз менен азбыз. Динамикалык өнүүгүбүз үчүн жана бул жааттагы бардык пландарды ишке ашыруу үчүн, албетте, бизге жумушчу күч керек. Мигранттардын келишин кубаттайбыз", — деген ал. Анын айтымында, эрежелерди жөнгө салып, иретке келтириш керек. "Биз катаал, бирок ыңгайлуу болгон эрежелерди кабыл алышыбыз зарыл", — деп кошумчалаган Песков.Мурдараак Владимир Путин мигранттарды киргизүүдө биринчи иретте өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыктары каралышы керектигин айткан. Россияга анын каада-салтын, тарыхын, тилин сыйлагандар келип, бул негизги принцип болушу зарыл экенине токтолгон. Ал, мындан сырткары, Россияга келген мигранттар "адамча" жашап жана бардык тиешелүү шарттарды пайдалынышы керектигин белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/17/1090363758_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b91c25e46366edf100fbf780a302673a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио