https://sputnik.kg/20241123/aksh-donald-tramp-ukraina-sogush-1090368125.html
АКШда Трамп үчүн Украинага байланыштуу "сюрприз" даярдалып жатканы ачыкталды
АКШда Трамп үчүн Украинага байланыштуу "сюрприз" даярдалып жатканы ачыкталды
Sputnik Кыргызстан
Эгер мыйзамга түзөтүүлөр кирсе Трамп Украина үчүн тынымсыз аскердик жана экономикалык жардам сурап турууга милдеттүү болору айтылган. 23.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-23T15:19+0600
2024-11-23T15:19+0600
2024-11-23T15:19+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
дональд трамп
украина
согуш
https://sputnik.kg/img/07e8/05/19/1085457768_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_9169777bb39cca8561773d196cbca852.jpg
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. АКШ Конгресси Украинага жардам көрсөтүү боюнча мыйзамга Дональд Трамп кызматка киришкенде артка кайтара албагыдай өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Бул тууралуу The Hill басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, эгер мыйзам кабыл алынса, Трамп Украина үчүн тынымсыз аскердик жана экономикалык жардам сурап турууга милдеттүү болот.Конгресстин төмөнкү палатасынын өкүлү билдиргендей, айрым конгрессмендер мыйзам долбоорунун жоболорун Улуттук коргонуу мыйзамына түзөтүү катары киргизүүгө ниеттенүүдө. Азырынча бул боюнча бирдиктүү пикирге келе албай жатышканы, бирок Трамп келгиче үч жума бар экени белгиленген.Трамп Ак үйдүн украин жаңжалына мамилесин сынга алып, Зеленскийди келген сайын Вашингтондон миллиарддаган доллар жардам алган соодагерге теңеген. Ал ошондой эле жаңжалды сүйлөшүү жолу менен 24 сааттын ичинде чечүүгө жетише аларын айткан. Кремль мындай татаал маселени жөнөкөй жол менен чечүү кыйын экенин белгилеп келет.Россия Батыштын аскердик жардамы Украина үчүн жакшылык алып келбей турганын жана жаңжалды гана узартып жатканын бир нече жолу билдирген.
https://sputnik.kg/20241117/kiev-tramptan-ehmneni-otunup-zhat-1090225435.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/19/1085457768_91:0:2822:2048_1920x0_80_0_0_949971d592ea4d807f4ca02993a0e9e6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, украина, согуш
дүйнөдө, акш, дональд трамп, украина, согуш
АКШда Трамп үчүн Украинага байланыштуу "сюрприз" даярдалып жатканы ачыкталды
Эгер мыйзамга түзөтүүлөр кирсе Трамп Украина үчүн тынымсыз аскердик жана экономикалык жардам сурап турууга милдеттүү болору айтылган.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. АКШ Конгресси Украинага жардам көрсөтүү боюнча мыйзамга Дональд Трамп кызматка киришкенде артка кайтара албагыдай өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Бул тууралуу The Hill басылмасына шилтеме кылып
РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, эгер мыйзам кабыл алынса, Трамп Украина үчүн тынымсыз аскердик жана экономикалык жардам сурап турууга милдеттүү болот.
"Эки партиядагы украиначылдар АКШнын Киевге колдоосуна байланыштуу жоболорду январга чейин өзгөртүүнү көздөөдө. Бул Трамптын бийликке келиши жана Республикалык партиянын Конгрессти көзөмөлгө алышынан улам коркунучка туш болчу жардамды коргоо аракети", — деп айтылат маалыматта.
Конгресстин төмөнкү палатасынын өкүлү билдиргендей, айрым конгрессмендер мыйзам долбоорунун жоболорун Улуттук коргонуу мыйзамына түзөтүү катары киргизүүгө ниеттенүүдө. Азырынча бул боюнча бирдиктүү пикирге келе албай жатышканы, бирок Трамп келгиче үч жума бар экени белгиленген.
Трамп Ак үйдүн украин жаңжалына мамилесин сынга алып, Зеленскийди келген сайын Вашингтондон миллиарддаган доллар жардам алган соодагерге теңеген. Ал ошондой эле жаңжалды сүйлөшүү жолу менен 24 сааттын ичинде чечүүгө жетише аларын айткан. Кремль мындай татаал маселени жөнөкөй жол менен чечүү кыйын экенин белгилеп келет.
Россия Батыштын аскердик жардамы Украина үчүн жакшылык алып келбей турганын жана жаңжалды гана узартып жатканын бир нече жолу билдирген.