https://sputnik.kg/20241125/1090404867.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Россиянын элчиси Кыргызстанды "уйкудан ойгонгон айбаттуу баатырга" салыштырдыАйсулуу Тыныбекова кийинки Олимпиада оюндарына барарын айттыДепутат "балага... 25.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-25T17:00+0600
2024-11-25T17:00+0600
2024-11-25T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/19/1090404735_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c3f210431f9fa406f48185e380c554d8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Россиянын элчиси Кыргызстанды "уйкудан ойгонгон айбаттуу баатырга" салыштырдыАйсулуу Тыныбекова кийинки Олимпиада оюндарына барарын айттыДепутат "балага сүйүнчүнү" дароо төлөбөй депозит аркылуу көбөйтүүнү сунуштадыАлдыда кененирээкЖогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев "балага сүйүнчү" төлөмүн депозиттик эсеп аркылуу көбөйтүүнү сунуштады. Эл өкүлү тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Учурда ар бир төрөлгөн балага 4 миң сомдон, үч же андан көп болсо 50 000 сом берилет. Кыдыкбаев бул акча бала тарбиялоого байланыштуу чыгымдарды толук жаба албасын белгилеп, жаңы механизм сунуштаган. "Бала төрөлгөндө мамлекеттик банкта депозиттик эсеп ачылып, каражат убакыт өткөн сайын көбөйүп турат. Баштапкы сумма 7 жашка чыкканда эки эсе, 18 жашка жеткенде үч эсеге өсөт. Эсептеги каражатты мөөнөтүнөн мурда алуу же башка жагдайларда колдонуу шарттары долбоордун жоболорунда көрсөтүлгөн", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде. Ошондой эле депозиттеги каражат туруктуу өсүш үчүн пайыздык чен өлкөдөгү орточо деңгээлден төмөн болбошу зарыл экени кошумчаланган.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Кыргызстан кандай болуп өзгөргөнү боюнча пикирин билдирди. Россиялык журналист, ВГТРКнын Борбор Азия боюнча кызматынын башчысы Роберт Францев дипломат менен маегин социалдык тармакка жарыялады. "Бүгүнкү Кыргызстан — уйкудан ойгонгон айбаттуу баатырдай. Эки жагына көз чаптырса баары жакшы, бирок кудайдын бергени деп эле отура бербестен, келечекти үй-бүлө, балдар жакшы шартта жашашы үчүн, эртеңки күнгө ишенүү үчүн куруу зарыл болсо керек. Азыркы жетекчилик мен 20 жылдан ашуун убакытта байкабаган нерселерди жасады", — деген Вакунов маегинде.
Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү текшерүүдө ыйгарым укуктарды кеңейтүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун УКМК иштеп чыгып коомдук талкууга жайгаштырды. Маалыматка ылайык, 2020-жылы өкмөт "Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтом кабыл алган. Ал БУУнун тиешелүү резолюциясынын талаптарын аткаруу максатында иштелип чыккан. "Аталган резолюция БУУга мүчө мамлекеттердин чет өлкөлүк согушчан-террористтер деп шектелген адамдардын өз аймагына кирүүсүнө же транзитине жол бербөөсүнө, авиациялык коопсуздукту бекемдөөсүнө жана чек ара кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуусуна багытталган", — деп жазылган маалыматта. Эми бул системага поезддин жана автобус каттамынын билеттерин электрондук брондоо ситемасын API/PNR программасына интеграциялоо сунушталууда. Башкача айтканда, эми поезд жана автомобиль жүргүнчүлөрүнүн алдын ала маалыматтары учактын кардарларындай эле топтолмокчу.
Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына барат. Бул тууралуу балбан кыз УТРК Спорт каналына маек берип жатып билдирди. Спортчунун айтымында, азыр анын капчыгында Олимпиаданын алтынынан башка байгенин баары бар. "Менин спорттук карьерамда бир эле медаль жок — Олимпиада оюндарынын алтын медалы. Калган медалдын баары бар. Ар бир спортчунун Олимпиададан жеңиш менен кайтуу кыялы бар. Азыр менде баары жакшы, шүгүр кылам. Чемпиондук сезим башкача, эч нерсеге салыштыра албайсың. Ошол жеңишти жон териң менен сезиш үчүн кайрадан баргың келет экен", — деди Тыныбекова. Спортчу Олимпиада оюндарына төрт жолу катышып, бир күмүш жана бир коло медаль алган. Мындан тышкары, ал дүйнөнүн үч, Азиянын алты жолку чемпиону.
Россиянын элчиси Кыргызстанды "уйкудан ойгонгон айбаттуу баатырга" салыштырдыАйсулуу Тыныбекова кийинки Олимпиада оюндарына барарын айттыДепутат "балага сүйүнчүнү" дароо төлөбөй депозит аркылуу көбөйтүүнү сунуштадыАлдыда кененирээкЖогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев "балага сүйүнчү" төлөмүн депозиттик эсеп аркылуу көбөйтүүнү сунуштады. Эл өкүлү тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Учурда ар бир төрөлгөн балага 4 миң сомдон, үч же андан көп болсо 50 000 сом берилет. Кыдыкбаев бул акча бала тарбиялоого байланыштуу чыгымдарды толук жаба албасын белгилеп, жаңы механизм сунуштаган. "Бала төрөлгөндө мамлекеттик банкта депозиттик эсеп ачылып, каражат убакыт өткөн сайын көбөйүп турат. Баштапкы сумма 7 жашка чыкканда эки эсе, 18 жашка жеткенде үч эсеге өсөт. Эсептеги каражатты мөөнөтүнөн мурда алуу же башка жагдайларда колдонуу шарттары долбоордун жоболорунда көрсөтүлгөн", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде. Ошондой эле депозиттеги каражат туруктуу өсүш үчүн пайыздык чен өлкөдөгү орточо деңгээлден төмөн болбошу зарыл экени кошумчаланган.Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Кыргызстан кандай болуп өзгөргөнү боюнча пикирин билдирди. Россиялык журналист, ВГТРКнын Борбор Азия боюнча кызматынын башчысы Роберт Францев дипломат менен маегин социалдык тармакка жарыялады. "Бүгүнкү Кыргызстан — уйкудан ойгонгон айбаттуу баатырдай. Эки жагына көз чаптырса баары жакшы, бирок кудайдын бергени деп эле отура бербестен, келечекти үй-бүлө, балдар жакшы шартта жашашы үчүн, эртеңки күнгө ишенүү үчүн куруу зарыл болсо керек. Азыркы жетекчилик мен 20 жылдан ашуун убакытта байкабаган нерселерди жасады", — деген Вакунов маегинде. Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү текшерүүдө ыйгарым укуктарды кеңейтүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун УКМК иштеп чыгып коомдук талкууга жайгаштырды. Маалыматка ылайык, 2020-жылы өкмөт "Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтом кабыл алган. Ал БУУнун тиешелүү резолюциясынын талаптарын аткаруу максатында иштелип чыккан. "Аталган резолюция БУУга мүчө мамлекеттердин чет өлкөлүк согушчан-террористтер деп шектелген адамдардын өз аймагына кирүүсүнө же транзитине жол бербөөсүнө, авиациялык коопсуздукту бекемдөөсүнө жана чек ара кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуусуна багытталган", — деп жазылган маалыматта. Эми бул системага поезддин жана автобус каттамынын билеттерин электрондук брондоо ситемасын API/PNR программасына интеграциялоо сунушталууда. Башкача айтканда, эми поезд жана автомобиль жүргүнчүлөрүнүн алдын ала маалыматтары учактын кардарларындай эле топтолмокчу. Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына барат. Бул тууралуу балбан кыз УТРК Спорт каналына маек берип жатып билдирди. Спортчунун айтымында, азыр анын капчыгында Олимпиаданын алтынынан башка байгенин баары бар. "Менин спорттук карьерамда бир эле медаль жок — Олимпиада оюндарынын алтын медалы. Калган медалдын баары бар. Ар бир спортчунун Олимпиададан жеңиш менен кайтуу кыялы бар. Азыр менде баары жакшы, шүгүр кылам. Чемпиондук сезим башкача, эч нерсеге салыштыра албайсың. Ошол жеңишти жон териң менен сезиш үчүн кайрадан баргың келет экен", — деди Тыныбекова. Спортчу Олимпиада оюндарына төрт жолу катышып, бир күмүш жана бир коло медаль алган. Мындан тышкары, ал дүйнөнүн үч, Азиянын алты жолку чемпиону.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/19/1090404735_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7c772406a2199ccca73e1cff5af660b2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио