00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
4 мин
Об экономике и не только
Продвижение идей Великого Турана — каковы цели Турции в ЦА?
20:05
55 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Парламенттин профилдик комитети ЖМК, интернет аркылуу жалаа жабууга айып салууну сунуштаган мыйзам долбоорун экинчи окууда бир добуштан колдоду Коомчулуктун жана депутаттардын сын-пикиринен кийин айып пул жеке жактарга 100 миң сомдон 20 миң сомго түшсө, юридикалык жактарга 200 миң сомдон 65 миң сомго чейин азайтылган. Ошондой эле мыйзамдын аткарылышын Маданият министрлиги эмес, ИИМ көзөмөлдөшү керектиги сунушталган.
Ноокатта кыргыз-кытай ири технопаркы курулуп башталды. Долбоор 260 млн долларга бааланган Технопарк салынса 2 миң киши иш менен камсыздалып, жылына 500 миң тонна органикалык жер семирткич өндүрүү пландалууда. Ушул эле жерде айыл чарба техникасын чогулткан завод салуу мерчемделип жатат. Жергиликтүү бийлик кечээ бул жерге технопарк куруу үчүн Кытайдан 15 млн долларлык жабдуулар алып келингенин, ал 2025-жылы ишке киргизилерин маалымдады.
ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Элдар Алишеров "ЕАЭБ мейкиндигинде кызматташуунун стратегиялык багыттары жана артыкчылыктары" аталышындагы тегерек столдо 2030 жана 2045-жылга чейин ЕАЭБди өнүктүрүү декларациясын даярдоо тууралуу айтып берди. Ал декларацияны ишке ашыруу үчүн жол картасын даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилеген. "Учурда комиссия мүчө мамлекеттер менен жол картаны даярдап жатат. Биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын кызыкчылыктарына жооп берген, натыйжалуу иштей турган документти даярдайбыз деп ишенем", — деди ЕЭК министри. Ошондой эле Алишеров ЕАЭБдеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө эксперттик жана илимий коомчулуктун катышуусунун маанилүүлүгүн кошумчалады.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Кыргыз темир жолунун" оңдоо базасын түзүүгө 5,2 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылган. Каражат локомотивдик чарбаларды модернизациялоого жумшалмакчы.Учурда Кыргызстан тепловоздорду оңдоп-түзөөгө чет өлкөгө жөнөтөт. "Долбоор — Кыргызстандын транспорттук көз карандысыздыгы үчүн маанилүү кадам. Президенттин колдоосу менен "Кыргыз темир жолу" устаканаларын кыйла жаңыртты. Эми бул демилге ремонтту өз күчү менен жасоого жол ачат", — деди фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков. Долбоор ишке ашса ремонт толугу менен өзүбүздөн жасалып, акчасы жана убактысы үнөмдөлөрү айтылды.
2025-жылдан баштап Премьер-лигадагы футболдук клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул шарт лицензиялоодогу талаптардын тизмегине кошулган. Ага ылайык, клубдар 14 жана 16 жашка чейинки өспүрүм кыздардан турган командаларды түзүшү керек. Ал эми чоңдор арасында кыз-келиндер командасын түзүү сунуш иретинде киргизилет. "Кыргыз футбол биримдиги жаш оюнчуларга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана бардык жаш категориялардагы кыз-келиндер командаларынын деңгээлин жогорулатуу аркылуу өлкөдө аялдар футболун өнүктүрүүгө умтулат. Бул — Кыргызстанда профессионал кыз-келиндер футболун өнүктүрүүгө жасалган маанилүү кадам", — деп жазылган маалыматта. 14 жана 16 жашка чейинки кыздар командалары чемпионатта өз жаш категориясы боюнча күч сынашары кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0