00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Эртең Эрнст Акрамов акыркы сапарга узатылат. “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 27-ноябрда саат тогузда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында башталат. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Окумуштуу-хирург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, медицина илимдеринин доктору, профессор Эрнст Акрамов 89 жаш курагында көз жумду.
Депутаттар санитардык талаптарды бузган тамактануучу жайларга 100 миң сом айып салууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде биринчи окууда жактырылды. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде учурда юридикалык жактарга эң көп дегенде 23 000 сом айып салынары, коомдук тамактануучу жайларда бир жолу иш-чара өткөрүү 100 миң сомдон 500 миң сомго чейин жетери белгиленген. "Салынган айыптын суммасы ишкерлер жана майрамдык иш-чараларды уюштургандар үчүн таасир этүүчү чара боло албайт. Ошондуктан ресторан жана кафелердин абийирсиз ээлери айып пулду төлөп коюп, кайрадан эле үй-бүлөлүк мааракелерди жана тойлорду уюштурууну уланта бермекчи", — деп жазылат маалыматта. 2023-жылы өлкөдө 590 киши тамак-аштан ууланып, анын ичинде беш адам каза болгон; 2024-жылдын алгачкы төрт айында эле киши ууланган 41 факт катталып, 155 адам жабыркаган. Мындан улам эреже, талапты бузган жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом айып салуу сунушталууда.
Ош облусунун Ноокат районунда органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгара турган завод курулуп жатат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги тарабынан заводду куруу үчүн керектелген 15 млн долларлык жабдыктар Кытайдан алып келингенин министрликтен кабарлашты. Кулатов айыл аймагындагы органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу заводдун курулушунун биринчи этабы 2025-жылы аяктап, ишке берилет. Долбоордун жалпы наркы 260 млн долларды түзөт. Ал «органикалык жер семирткичтер технопаркы» долбоорунун бир бөлүгү болуп, курулуш төрт этапты камтыйт. Заводдун биринчи этабы жыл сайын 100 миң тонна органикалык жер семирткичтерди өндүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталат. Жер семирткичтерди өндүрүүдөн тышкары, долбоордун алкагында айыл чарба техникаларын жыйноочу завод курулат. Бардык этаптар аяктагандан кийин ишкана жылына 500 миң тоннага чейин жер семирткичтерди чыгара алат жана 1 миңден 2 миңге чейин жумуш орундарын түзөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов "Азия балдары" Эл аралык комитетинин делегациясы менен жолукту. Департаменттен билдиришкендей, делегациянын курамында “Азия балдары” Эл аралык комитетинин президенти Владимир Максимов, аппаратынын жетекчиси Иван Шеломов бар. Жолугушууда балдар спортун өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелер талкууланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0