https://sputnik.kg/20241201/1090538639.html
Кыргыз фольклорунун улуу кыякчысы - Саид Бекмуратов
Кыргыз фольклорунун улуу кыякчысы - Саид Бекмуратов
Sputnik Кыргызстан
XX кылымдын чыгаан кыл кыякчысы Саид Бекмуратов азыркы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жыл-Келди айылында туулган. Ал чоң атасы Калымбеттен кыл кыяк... 01.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-01T17:04+0600
2024-12-01T17:04+0600
2024-12-02T14:07+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/01/1090538507_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2f3a0d683d95a3943a6cc74446daed08.jpg
Кыргыз фольклорунун улуу кыякчысы - Сади Бекмуратов
Sputnik Кыргызстан
20-кылымдын чыгаан кыл кыякчысы Саид Бекмуратов азыркы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жыл-Келди айылында туулган. Ал чоң атасы Калымбеттен кыл кыяк тартканды үйрөнгөн.
1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасына активдүү катышкандыгы үчүн Саид Бекмуратовго Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наам берилген. ОШондой эле, Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасына да катышкан (1958).
Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Саид Бекмуратов Муса Баетов жана башка музыканттар менен бирдикте экинчи патрондук-концерттик бригаданын составында Брянск жана Калинин фронтторунун жоокерлерине концерт берген.
I960—1964-жылдарда. С.Бекмуратов М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында кыл кыяк классы боюнча сабак берген. Анын окуучулары Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Чалагыз Исабаев менен Толтой Мураталиевдер болгон.
XX кылымдын чыгаан кыл кыякчысы Саид Бекмуратов азыркы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жыл-Келди айылында туулган. Ал чоң атасы Калымбеттен кыл кыяк тартканды үйрөнгөн. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасына активдүү катышкандыгы үчүн Саид Бекмуратовго Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наам берилген. Ошондой эле, Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасына да катышкан (1958). Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Саид Бекмуратов Муса Баетов жана башка музыканттар менен бирдикте экинчи патрондук-концерттик бригаданын составында Брянск жана Калинин фронтторунун жоокерлерине концерт берген. I960—1964-жылдарда. Бекмуратов Муратаалы Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында кыл кыяк классы боюнча сабак берген. Анын окуучулары Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Чалагыз Исабаев менен Толтой Мураталиевдер болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/01/1090538507_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4b726cae911313833b726ad75872f544.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргыз фольклорунун улуу кыякчысы - Саид Бекмуратов
17:04 01.12.2024 (Жаңыртылды: 14:07 02.12.2024) XX кылымдын чыгаан кыл кыякчысы Саид Бекмуратов азыркы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жыл-Келди айылында туулган. Ал чоң атасы Калымбеттен кыл кыяк тартканды үйрөнгөн.
1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасына активдүү катышкандыгы үчүн Саид Бекмуратовго Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наам берилген. Ошондой эле, Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасына да катышкан (1958).
Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Саид Бекмуратов Муса Баетов жана башка музыканттар менен бирдикте экинчи патрондук-концерттик бригаданын составында Брянск жана Калинин фронтторунун жоокерлерине концерт берген.
I960—1964-жылдарда. Бекмуратов Муратаалы Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында кыл кыяк классы боюнча сабак берген. Анын окуучулары Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Чалагыз Исабаев менен Толтой Мураталиевдер болгон.