https://sputnik.kg/20241201/prezident-marat-sydykovdu-sudyalyk-kyzmattan-ketirgen-zhok-1090537219.html
Президент Марат Сыдыковду судьялык кызматтан кетирген жок
Президент Марат Сыдыковду судьялык кызматтан кетирген жок
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Марат Сыдыковду судьялык кызматтан кетирген жок. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат... 01.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-01T16:34+0600
2024-12-01T16:34+0600
2024-12-02T10:50+0600
кыргызстан
марат сыдыков
судья
садыр жапаров
соттор кеңеши
https://sputnik.kg/img/07e8/01/18/1082147605_0:926:2048:2078_1920x0_80_0_0_a58e45fd2b449a65172d02fc17e53f44.jpg
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Марат Сыдыковду судьялык кызматтан кетирген жок. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.Буга чейин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Соттор кеңешине кызматтан өз каалоосу боюнча бошонуу тууралуу арызын жазган. Социалдык тармактарда муну Кемпир-Абад маселеси менен соттологондордун иши боюнча актоо чечимин чыгаруу менен байланыштырып жатышкан.Соттор кеңеши арызды канааттандырып, чечимди президент Жапаровго киргизишкен. Бирок сунушту мамлекет башчысы четке какканы белгилүү болду.
https://sputnik.kg/20241125/ukmk-sot-kamchybek-tashiyev-zhalal-abad-1090395101.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/18/1082147605_0:768:2048:2304_1920x0_80_0_0_c9271b4386e4dbe686928df08f5f0d36.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, марат сыдыков, судья, садыр жапаров, соттор кеңеши
кыргызстан, марат сыдыков, судья, садыр жапаров, соттор кеңеши
Президент Марат Сыдыковду судьялык кызматтан кетирген жок
16:34 01.12.2024 (Жаңыртылды: 10:50 02.12.2024) БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Марат Сыдыковду судьялык кызматтан кетирген жок. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Буга чейин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Соттор кеңешине кызматтан өз каалоосу боюнча бошонуу тууралуу арызын жазган. Социалдык тармактарда муну Кемпир-Абад маселеси менен соттологондордун иши боюнча актоо чечимин чыгаруу менен байланыштырып жатышкан.
Соттор кеңеши арызды канааттандырып, чечимди президент Жапаровго киргизишкен. Бирок сунушту мамлекет башчысы четке какканы белгилүү болду.
25 Жетинин айы 2024, 13:09