00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
9 мин
Максимальный репост
ОСАГО и страхование имущества: что нужно знать каждому кыргызстанцу?
16:10
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү максаты эмнеде?
17:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Тема дня
Буллинг, кибербуллинг и квадробинг: как Минобразования собирается бороться с проблемами школьников
18:09
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
Вода и энергия: основные вызовы и решения для Центральной Азии
20:06
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Сузактагы бакчада балдар сабалган окуя боюнча кылмыш иш козголгонун Башкы прокуратурадан билдиришти.Ата-энелер тарбиячыларга нааразы болуп директорго бир нече жолу арызданышкан, бирок ал эч кандай чара көргөн эмес.Ошондой эле президенттин жарлыгын одоно бузуу менен ата-энелерден системалуу түрдө акча өндүрүлүп жатканы аныкталган. Буга байланыштуу иш "Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо", "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Шалаакылык" беренелери боюнча козголгон.Эске салсак, социалдык тармактарда Сузак районунун Октябрь айылындагы №1 "Кенжетай" балдар бакчасынын тарбиячылары кичинекейлерди сабап жаткан видео тараган. Билим берүү министрлиги тиешелүү кызматкерлерге чара көрөрүн билдирген.Андан сырткары билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева ата-энелерге кайрылуу жасап, кечирим сураган.
ОСАГО полиси жокторго айып салууну жарым жылга жылдыруу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Марат Пирназаров билдирди. Анын айтымында, эгерде эреже иштеп баштаса 2025-жылдын 1-январына чейин ОСАГО полисин 1,5 миллион автотроанспорттун ээси алып үлгүрбөйт. "1-январга чейин жетишкенге аракет кылып жатабыз. Бирок жарандарга жеңил болуш үчүн жакынкы күндөрү министрлер кабинетинин жыйыны өтүп, анда айыптарды жарым жылга жылдыруу маселеси каралат деп ойлойм", — деди Пирназаров. Депутаттар эл арасында ОСАГО полиси тууралуу түшүндүрүү иштери жетишсиз экенине токтолушту. Депутат Бактыбек Сыдыков мындай ыкма менен бюджет толтуруу туура эместигин айтып, аны бир жылга, тактап айтканда, 2026-жылдын 1-январына чейин узартууну сунуштады.
КРСУда 2030-жылга чейин университетти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоочу стратегиялык сессия болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, иш-чарага Россия менен Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, стратегиялык өнөктөштөрү жана эксперттер катышты.КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков сессия узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын түзүүгө чоң салым кошконун белгиледи.Иш-чаранын негизги жыйынтыгы катары жаңы билим берүү программаларын, өнөктөштөр менен алаканы кеңейтүү жана университеттин илимий потенциалын жогорулатуу боюнча планын иштеп чыгуу болгону айтылды.
Кремлден АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын БРИКС мамлекеттери альтернативалуу валютаны түзүү планынан баш тартпаса жүз пайыздык бажы төлөмүн киргизүү боюнча жасаган опузасына жооп беришти. Бул туурасына РИА Новости жазды.РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Вашингтондун башка мамлекеттерди долларды колдонууга мажбурлашы аларды улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүп кетишине түртөрүн айтты.Ал белгилегендей, кеп БРИКСке гана тиешелүү эмес. Негизи эле барган сайын көп өлкөлөр улуттук валюта менен эсептешүүгө кадам таштай баштады. Доллар бул өлкөлөр үчүн резервдик валюта катары өзүнүн касиетин жоготуп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0