https://sputnik.kg/20241203/kendirbayeva-ata-enelerden-kechirim-surady-1090577538.html
"Акмактын зомбулугу үчүн кечирим сурайм". Министр ата-энелерге кайрылды
"Акмактын зомбулугу үчүн кечирим сурайм". Министр ата-энелерге кайрылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Сузактагы бакчада кичинекейлердин сабалышы боюнча ата-энелерден кечирим сурады. Бул... 03.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-03T14:00+0600
2024-12-03T14:00+0600
2024-12-03T15:39+0600
кыргызстан
жалал-абад
сузак району
бала бакча
зомбулук
доктургүл кендирбаева
кечирим суроо
ата-эне
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/0c/1079362593_0:248:3077:1979_1920x0_80_0_0_2d145ac4dc0bbbe21e8f330d902aec98.jpg
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Сузактагы бакчада кичинекейлердин сабалышы боюнча ата-энелерден кечирим сурады. Бул туурасында аталган министрликтен билдиришти.Кендирбаева "тарбиячы" жазаланарын, аны ишке алган аталган мекеменин жетекчиси дагы кызматтан кетерин билдирди. Ал наристелер менен иштеген ар бир кызматкерди текшерүү үчүн атайын медициналык көзөмөл болорун кошумчалады.Социалдык тармактарда Сузак районунун Октябрь айылындагы №1 "Кенжетай" балдар бакчасынын тарбиячылары бөбөктөрдү сабап жаткан видео тараган. Билим берүү министрлиги тиешелүү кызматкерлерге чара көрөрүн билдирген.Окуя Сузак РИИБинде катталып, бирок фактыны прокуратура текшерип жаткандыктан топтолгон материалдар Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн.
https://sputnik.kg/20241120/prezident-mugalim-iylatkan-ayal-un-katty-1090297038.html
жалал-абад
сузак району
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/0c/1079362593_292:228:2718:2048_1920x0_80_0_0_74a2e1064551258de6bac64dd7651089.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жалал-абад, сузак району, бала бакча, зомбулук, доктургүл кендирбаева, кечирим суроо, ата-эне
кыргызстан, жалал-абад, сузак району, бала бакча, зомбулук, доктургүл кендирбаева, кечирим суроо, ата-эне
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Сузактагы бакчада кичинекейлердин сабалышы боюнча ата-энелерден кечирим сурады. Бул туурасында аталган министрликтен билдиришти.
"Бала бакчада баланы жазалап жаткан, "тарбиячы" деп айтканга ооз барбаган акмактын балага жасаган зомбулугун көрүп, ата-энелерден кечирим сурайм. Урматтуу ата-энелер, сиздер да бизге жардам бергиле, эгерде наристелер мекемелеринде болуп жаткан зомбулук окуялары болсо түз билдиргиле", — деди министр.
Кендирбаева "тарбиячы" жазаланарын, аны ишке алган аталган мекеменин жетекчиси дагы кызматтан кетерин билдирди. Ал наристелер менен иштеген ар бир кызматкерди текшерүү үчүн атайын медициналык көзөмөл болорун кошумчалады.
Социалдык тармактарда Сузак районунун Октябрь айылындагы №1 "Кенжетай" балдар бакчасынын тарбиячылары бөбөктөрдү
сабап жаткан видео тараган. Билим берүү министрлиги тиешелүү кызматкерлерге чара көрөрүн билдирген.
Окуя Сузак РИИБинде катталып, бирок фактыны прокуратура текшерип жаткандыктан топтолгон материалдар Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн.
20 Жетинин айы 2024, 14:54