https://sputnik.kg/20241205/kamchybek-tashiyev-miyzam-kylmysh-korruptsiya-1090624059.html
ЖК коррупционерлердин жазасын катаалдатуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды
ЖК коррупционерлердин жазасын катаалдатуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш коррупционерлердин жазасын катаалдатуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. 05.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-05T13:05+0600
2024-12-05T13:05+0600
2024-12-05T13:05+0600
кыргызстан
камчыбек ташиев
укмк
мыйзам
кылмыш
коррупция
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/05/1090623606_0:80:1638:1001_1920x0_80_0_0_f37ff86fbbdf982ad05c9e61f1285844.jpg
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш коррупционерлердин жазасын катаалдатуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.Аны парламентте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тааныштырып, 1-январдан тарта күчүнө киргизүү үчүн үч окууда тең колдоп берүүнү суранды. Аталган мыйзам долбоору боюнча коррупционерлер азыркыдай айып төлөп кутулуп кете албайт. Сөзсүз түрмөгө камалат. Ошондой эле алардын туугандары кызматка алынбайт.Депутаттар туугандарынын кылмышы үчүн жоопкерчилик каралып жатканы суроо жаратарын, ошондой эле буга чейинки жасалган коррупциялык кылмыштар эмне болоруна кызыгышты.УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамдарды катаалдатпаса кармалгандардын 80 пайызы айып төлөп кутулуп кетип жатканын, алар бир дагы сот, прокурорду түрмөгө кесе алышпаганын белгиледи.Ошондой эле ал мыйзам артка иштебей турганын эске салып, кабыл алынгыча жасалаган кылмыштар эски (азыр иштеп жаткан) мыйзам боюнча жоопко тартыларын кошумчалады.Жыйынтыгында мыйзам долбоорго 81 депутат макулдугун берип, документ биринчи окууда кабыл алынды.
https://sputnik.kg/20241205/ukmk-kamchybek-tashiyev-korruptsiya-miyzam-1090618628.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/05/1090623606_99:0:1539:1080_1920x0_80_0_0_c3a6e1b0f64160754686d8ec75bc2c77.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, камчыбек ташиев, укмк, мыйзам, кылмыш, коррупция
кыргызстан, камчыбек ташиев, укмк, мыйзам, кылмыш, коррупция
ЖК коррупционерлердин жазасын катаалдатуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш коррупционерлердин жазасын катаалдатуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Аны парламентте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тааныштырып, 1-январдан тарта күчүнө киргизүү үчүн үч окууда тең колдоп берүүнү суранды. Аталган мыйзам долбоору боюнча коррупционерлер азыркыдай айып төлөп кутулуп кете албайт. Сөзсүз түрмөгө камалат. Ошондой эле алардын
туугандары кызматка алынбайт.
Депутаттар туугандарынын кылмышы үчүн жоопкерчилик каралып жатканы суроо жаратарын, ошондой эле буга чейинки жасалган коррупциялык кылмыштар эмне болоруна кызыгышты.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамдарды катаалдатпаса кармалгандардын 80 пайызы айып төлөп кутулуп кетип жатканын, алар бир дагы сот, прокурорду түрмөгө кесе алышпаганын белгиледи.
"Жакында медиктерди кармадык. Операция жасаганга киши жок болуп жатканын айтышып, аларды бошотууну суранышты. Катаал, бирок адилеттүү чечим кабыл алынышы керек. Беш жылдан бери коррупция менен күрөшүп келем, чынын айтсам, чарчадым. Коррупционерди камайсың, ал соттун чечими боюнча белгилүү бир сумманы төлөп, кутулат. Сот системасынан, прокуратурадан, укук коргоо органдарынан бир дагы адамды түрмөгө камай алган жокпуз", — деди УКМК төрагасы.
Ошондой эле ал мыйзам артка иштебей турганын эске салып, кабыл алынгыча жасалаган кылмыштар эски (азыр иштеп жаткан) мыйзам боюнча жоопко тартыларын кошумчалады.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорго 81 депутат макулдугун берип, документ биринчи окууда кабыл алынды.