00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров түнкү эс алуу, тыныгуунун мезгилин аныктаган мыйзамга кол койду. Аны Жогорку Кеңеш 23-октябрда кабыл алган. Бул эл уктап, эс алып жатканда тынчын албоого, уйкусун бузбоого багытталган документ. Анда турак үйлөрдө, эс алуу зоналарында, коомдук жайларда иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин катуу, ашыкча добуштарды чыгарбоо керектиги айтылган. Тагыраагы, музыка жана башка ызы-чуунун үндөрү атайын белгиленген деңгээлден ашпашы керек.
Парламенттин экс-төрагасы Канатбек Исаев башка жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулду. Бул туурасында Sputnik агенттигине анын жактоочусу Бакыт Осмоналиев айтты. Чечимди Октябрь райондук соту кабыл алган. Исаев Кылмыш Жаза кодексинин "Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштукту каржылоо" беренеси менен күнөөлөнүп жатканын жактоочусу билдирди. Ал быйылкы жылдын 20-ноябрында кармалган. Исаев Жогорку Кеңештин депутаты, Токмок шаарынын мэри, президенттин Чүй облусу боюнча өкүлү болуп иштеген. 2020-жылы бир айга жетпеген убакытка парламенттин спикери болуп турган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасы аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 1-декабрынан 7-декабрына чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын жыйынтыктады. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагынын Кара-Кулжа – Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымында жер көчтү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жалпы көлөмү болжол менен 12 миң куб метр жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган. Жабыркагандар жок. Учурда унаалар Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жол менен жүрүүдө. Жеринде милиция кызматкерлери тарабынан пост уюштурулган. Бугун, атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлөт
Брюсселде кыргыз киносунун кечеси өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигинен кабарлашты. Иш-чарага Бельгиядагы дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, анын ичинде Борбор Азия жана Азербайжан элчилери, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын күйөрмандары катышты. Иш-чаранын алкагында “Кыргызфильм” жана “Ленфильм” киностудиялары тарабынан Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” тасмасы көрсөтүлдү. Мындан тышкары, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго жана Эл аралык тоо күнүнө арналган фото-көргөзмө уюштурулду.
Футзал боюнча Кыргызстан менен Россиянын командаларынын жолдоштук беттеши болот. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча ассоциациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, эркектер жана кыз-келиндер курама командаларынын ортосундагы оюндар 14-15-декабрда болот. Кыргызстандын командаларынын жолдоштук беттештерге даярдыктарды 9-декабрда баштары айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0