https://sputnik.kg/20241209/1090703149.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Транспорт министрлигинен 5,7 млрд. сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталдыТалас жана Сибирдин окумуштуулары суудагы мунайды тазалаган "губка" ойлоп... 09.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-09T17:00+0600
2024-12-09T17:00+0600
2024-12-09T18:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/09/1090703017_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3ff3ad0c104589d8311342e3dedf8203.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Транспорт министрлигинен 5,7 млрд. сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталдыТалас жана Сибирдин окумуштуулары суудагы мунайды тазалаган "губка" ойлоп табыштыКыргызстанда соңку жумада эки адам чочко тумоосун жуктуруп алганы аныкталдыКыргызстанда октябрдан бери грипптин кооптуу түрү болгон чочко тумоосунун (H1N1pdm) эки учуру аныкталганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ошондой эле бир жума ичинде курч респиратордук вирустук инфекциянын 7 335 учуру жана коронавирус менен ооруган бир бейтап катталган. Ал эми октябрдан бери COVID жуктургандардын саны 15ке жетти. Министрлик өлкөдө эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенин белгиледи. Чочко тумоосунун белгилери: баштын жана булчуңдардын оорушу; дем алуу органдары жабыркайт дене табынын 38-39 градуска чейин жогорулашы; алсыроо; оорунун тез күчөп кетиши.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен 5,7 миллиард сомдон ашык финансылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каржылык бузуу мекеменин 2023-жылдагы бюджетинин аткаруусуна тиешелүү. "Мыйзам талаптары сакталбастан "Кыргызавтожол" ишканасы тарабынан 2,5 миллиард сомго жол техникасы жана жабдуулар сатып алынган. Мунун 1,2 миллиард сому 2023-жылы которулган. Мындан тышкары Жол фонду 969,7 миллион сомду колдонбой калса, 29,1 миллион сом максатсыз пайдаланылган. Ошондой эле кызматкерлерге 814,7 миң сом негизсиз төлөнүп, 160 миң сомго кеңсе товарлары жана материалдар ашыкча алынган", — деп айтылат маалыматта. Аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилгени кошумчаланды.
Сибирь федералдык университети жана Талас мамлекеттик университетинин окумуштуулары Арктикада суу бетине төгүлгөн мунайды тазалай турган "губка" ойлоп табышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, мунай продуктулары суу бетин каптаганда кычкылтек, жарык жана жылуулукту өткөрбөгөн пленка пайда болуп, микроорганизмдерге зыянын тийгизет. Ошондой эле бир тонна нефть 10 мүнөттүн ичинде 12 чарчы чакырым аянтты капташы мүмкүн экени айтылган."Материал суу бетинен 90-98 пайызга чейин мунай продуктуларын өзүнө сиңирет. Ал 40 градус ысыкка чейин жарактуу. Кийинчерээк чирип жок болгондуктан экологияга зыянсыз. Аталган "губкада" арктиканын топурагына керектүү заттар болгондуктан аймактагы өсүмдүк жана бактериялар үчүн азык болот", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле бир грамм "губка" 19 грамм нефтини сиңире алары кошумчаланган.
АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп Украинадагы "орунсуз" чатакты аягына чыгаруунун жолун иштеп чыгып жатканын айтты. Бул туурасында New York Post басылмасына берген интервьюсунда токтолгон. Трамп буга чейин ал Жозеф Байдендин ордунда болгондо Украинадагы чатак башталмак эместигин, эгерде кайрадан шайланса, Россия-Украина кармашын 24 саатта жөнгө саларын белгилеген. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Трамптын сөзүнө комментарий берип, бул маселени бир күндө чечип койчудай жөнөкөй нерсе эместигин айткан. Путин быйылкы жылдын июнунда Украинадагы чатакты жөндөө демилгеси менен чыккан. Киев Россиянын жаңы аймактарынан аскерлерин алып чыгып кетсе, Москва согушту токтотуп, кепке келүүгө даяр болорун билдирген. Мындан сырткары, Киев НАТОго кирем дегенден алыс болуп, демилитаризация, денацификация жүргүзүп, аны менен кошо блоктон тышкаркы, ортодо, өзөктүк куралы жок деген макамда турушу керектигин белгилеген.
Транспорт министрлигинен 5,7 млрд. сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталдыТалас жана Сибирдин окумуштуулары суудагы мунайды тазалаган "губка" ойлоп табыштыКыргызстанда соңку жумада эки адам чочко тумоосун жуктуруп алганы аныкталдыКыргызстанда октябрдан бери грипптин кооптуу түрү болгон чочко тумоосунун (H1N1pdm) эки учуру аныкталганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ошондой эле бир жума ичинде курч респиратордук вирустук инфекциянын 7 335 учуру жана коронавирус менен ооруган бир бейтап катталган. Ал эми октябрдан бери COVID жуктургандардын саны 15ке жетти. Министрлик өлкөдө эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенин белгиледи. Чочко тумоосунун белгилери: баштын жана булчуңдардын оорушу; дем алуу органдары жабыркайт дене табынын 38-39 градуска чейин жогорулашы; алсыроо; оорунун тез күчөп кетиши.Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен 5,7 миллиард сомдон ашык финансылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каржылык бузуу мекеменин 2023-жылдагы бюджетинин аткаруусуна тиешелүү. "Мыйзам талаптары сакталбастан "Кыргызавтожол" ишканасы тарабынан 2,5 миллиард сомго жол техникасы жана жабдуулар сатып алынган. Мунун 1,2 миллиард сому 2023-жылы которулган. Мындан тышкары Жол фонду 969,7 миллион сомду колдонбой калса, 29,1 миллион сом максатсыз пайдаланылган. Ошондой эле кызматкерлерге 814,7 миң сом негизсиз төлөнүп, 160 миң сомго кеңсе товарлары жана материалдар ашыкча алынган", — деп айтылат маалыматта. Аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилгени кошумчаланды.Сибирь федералдык университети жана Талас мамлекеттик университетинин окумуштуулары Арктикада суу бетине төгүлгөн мунайды тазалай турган "губка" ойлоп табышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, мунай продуктулары суу бетин каптаганда кычкылтек, жарык жана жылуулукту өткөрбөгөн пленка пайда болуп, микроорганизмдерге зыянын тийгизет. Ошондой эле бир тонна нефть 10 мүнөттүн ичинде 12 чарчы чакырым аянтты капташы мүмкүн экени айтылган."Материал суу бетинен 90-98 пайызга чейин мунай продуктуларын өзүнө сиңирет. Ал 40 градус ысыкка чейин жарактуу. Кийинчерээк чирип жок болгондуктан экологияга зыянсыз. Аталган "губкада" арктиканын топурагына керектүү заттар болгондуктан аймактагы өсүмдүк жана бактериялар үчүн азык болот", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле бир грамм "губка" 19 грамм нефтини сиңире алары кошумчаланган.АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп Украинадагы "орунсуз" чатакты аягына чыгаруунун жолун иштеп чыгып жатканын айтты. Бул туурасында New York Post басылмасына берген интервьюсунда токтолгон. Трамп буга чейин ал Жозеф Байдендин ордунда болгондо Украинадагы чатак башталмак эместигин, эгерде кайрадан шайланса, Россия-Украина кармашын 24 саатта жөнгө саларын белгилеген. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Трамптын сөзүнө комментарий берип, бул маселени бир күндө чечип койчудай жөнөкөй нерсе эместигин айткан. Путин быйылкы жылдын июнунда Украинадагы чатакты жөндөө демилгеси менен чыккан. Киев Россиянын жаңы аймактарынан аскерлерин алып чыгып кетсе, Москва согушту токтотуп, кепке келүүгө даяр болорун билдирген. Мындан сырткары, Киев НАТОго кирем дегенден алыс болуп, демилитаризация, денацификация жүргүзүп, аны менен кошо блоктон тышкаркы, ортодо, өзөктүк куралы жок деген макамда турушу керектигин белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/09/1090703017_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a23b404d8efd48809f04e089f4fbcd5f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио