https://sputnik.kg/20241211/1090748480.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасынын такталган картографиясы Жогорку Кеңешке макулдашууга январдын аягына чейин киргизилет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында УКМК... 11.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-11T13:00+0600
2024-12-11T13:00+0600
2024-12-11T17:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0b/1090748348_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4826b73abcd5222196400c7be7c04dae.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасынын такталган картографиясы Жогорку Кеңешке макулдашууга январдын аягына чейин киргизилет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, карта учурда чийилип жатат, ал эми өзү эки күндөн кийин Тажикстанга барат. “Картографияны январдын аягына чейин алып келебиз. Баары ачык болот. Ар бир үй, көпүрө боюнча отчет берүүгө даярмын. Чек ара маселеси тажик тарап менен достук келишими, макулдашуу менен чечилди”, — деди УКМК төрагасы. Эскерте кетсек, 4-декабрда Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушкан. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасы толугу менен аяктап, жумушчу топторго жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.
Жыл башынан бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөк алмаштыруу боюнча бюджеттик негизде 20 акысыз операция ийгиликтүү жасалды. Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, декабрдын аягына чейин дагы ушундай эки операция кылынат. Ал эми 2025-жылга бюджеттик негизде 50 операция мерчемделүүдө. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында мындай операциялар 2018-жылдан бери кыргыз хирургдары тарабынан жасалып келет. Жалпысынан 62 операция болду. Ошондой эле Кыргызстанда биринчи жолу 13 жаштагы кыздын сөөк чучугу алмаштарылды. Дары каражаттары менен камсыздоо иштерин “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат.
Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортто жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөргө миң сом айыппул салынарын билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканысынын кызматкерлери жол акысын төлөбөгөн адамдар боюнча рейддик иш чараларды өткөрөт. Жол кире төлөбөгөндөр аныкталган учурда, мыйзамга ылайык айып пул салынат. Учурда коомдук транспортко жол акы “Тулпар” карт жана банктык карталар менен 17 сом, ал эми накталай төлөм 20 сомдон.
Рада депутаты Артем Дмитрук Белта агенттигине маек куруп жатып Россия, АКШ жана Беларуска Украинанын кийинки тагдырын чечип берүүнү өтүндү. Бул тууралуу редакциянын YouTube каналына жарыяланган видеого таянып РИА Новости жазды. "Алсызбыз, ооба, мойнубузга алабыз. Биз, Украина, өз алдынчалыгыбызды, суверенитетти жоготтук. Россиялыктар, америкалыктар, беларустар, биз үчүн чечим кабыл алгылачы, киши өлтүргүчтү өлкөбүздөн кууп чыгып, талапкерлерди аныктап бергилечи", — деп кайрылган депутат. Эл өкүлүнүн айтымында, бул үчүн Россия, Беларусь жана АКШ алгач убактылуу өкмөттү аныктап алышы зарыл, мындан соң ал үч өлкө биргелешип түзгөн комиссиянын көзөмөлү менен шайлоо дайындашы керек.Эскерте кетсек, Зеленскийдин мөөнөтү 20-майда бүткөн.
Кыргыз-тажик чек арасынын такталган картографиясы Жогорку Кеңешке макулдашууга январдын аягына чейин киргизилет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, карта учурда чийилип жатат, ал эми өзү эки күндөн кийин Тажикстанга барат. “Картографияны январдын аягына чейин алып келебиз. Баары ачык болот. Ар бир үй, көпүрө боюнча отчет берүүгө даярмын. Чек ара маселеси тажик тарап менен достук келишими, макулдашуу менен чечилди”, — деди УКМК төрагасы. Эскерте кетсек, 4-декабрда Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушкан. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасы толугу менен аяктап, жумушчу топторго жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.Жыл башынан бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөк алмаштыруу боюнча бюджеттик негизде 20 акысыз операция ийгиликтүү жасалды. Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, декабрдын аягына чейин дагы ушундай эки операция кылынат. Ал эми 2025-жылга бюджеттик негизде 50 операция мерчемделүүдө. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында мындай операциялар 2018-жылдан бери кыргыз хирургдары тарабынан жасалып келет. Жалпысынан 62 операция болду. Ошондой эле Кыргызстанда биринчи жолу 13 жаштагы кыздын сөөк чучугу алмаштарылды. Дары каражаттары менен камсыздоо иштерин “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат. Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортто жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөргө миң сом айыппул салынарын билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканысынын кызматкерлери жол акысын төлөбөгөн адамдар боюнча рейддик иш чараларды өткөрөт. Жол кире төлөбөгөндөр аныкталган учурда, мыйзамга ылайык айып пул салынат. Учурда коомдук транспортко жол акы “Тулпар” карт жана банктык карталар менен 17 сом, ал эми накталай төлөм 20 сомдон. Рада депутаты Артем Дмитрук Белта агенттигине маек куруп жатып Россия, АКШ жана Беларуска Украинанын кийинки тагдырын чечип берүүнү өтүндү. Бул тууралуу редакциянын YouTube каналына жарыяланган видеого таянып РИА Новости жазды. "Алсызбыз, ооба, мойнубузга алабыз. Биз, Украина, өз алдынчалыгыбызды, суверенитетти жоготтук. Россиялыктар, америкалыктар, беларустар, биз үчүн чечим кабыл алгылачы, киши өлтүргүчтү өлкөбүздөн кууп чыгып, талапкерлерди аныктап бергилечи", — деп кайрылган депутат. Эл өкүлүнүн айтымында, бул үчүн Россия, Беларусь жана АКШ алгач убактылуу өкмөттү аныктап алышы зарыл, мындан соң ал үч өлкө биргелешип түзгөн комиссиянын көзөмөлү менен шайлоо дайындашы керек.Эскерте кетсек, Зеленскийдин мөөнөтү 20-майда бүткөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0b/1090748348_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4d0f60150727710ad6b7e5940ce0cb14.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио