https://sputnik.kg/20241211/1090749132.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
2025–2026-жылдардын республикалык бюджети боюнча мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек... 11.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-11T15:00+0600
2024-12-11T15:00+0600
2024-12-11T17:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0b/1090749000_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e7e71770403874c80e2e8f297f9683df.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
2025–2026-жылдардын республикалык бюджети боюнча мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Талкуу учурунда депутаттар инфраструктуралык объектилердин курулушу, аймактарды өнүктүрүү, коррупцияны жоюу жана башка маанилүү маселелерди көтөрүштү. Акылбек Жапаров үч жылдык курулуш планы бекитилгенин, анын алкагында 200гө жакын мектеп курулуп жатканын белгиледи. Мындан сырткары, депутаттар экономиканы өнүктүрүү, мигранттардын укуктарын коргоо, ирригациялык системаларды жакшыртуу жана социалдык объектилерди каржылоого көңүл бурушту. Жыйынтыгында каттоодон өткөн 83 депутаттын 80и мыйзам долбоорлоруна "макул " деп добуш берди, бирөө каршы болду.
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо» долбоору боюнча макулдашуу ратификацияланды. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 13-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Макулдашуулар «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары болуп саналган жарандар үчүн каржылоонун ислам принциптери боюнча ипотекалык продуктуларды берүү жана турак жай куруу үчүн 79 млн доллары өлчөмүндө жеңилдетилген каржылоону тартуу каралган.
Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт салтанаттуу түрдө ачылды. Аба майдандын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты. Иш-чарада Садыр Жапаров союз тарагандан кийин аэропорттор иштебей калып, ички каттамдар токтогонун белгиледи. "Каракол" эл аралык аэропорту бир саатта 250 жүргүнчүнү тейлей алат. Шаарга жаратылышыбызга суктанган туристтер көп келет. Эми биз эшигибизди кенен ачып, аларды тосуп алууга даярбыз", - деди өлкө башчысы. Аэропорттун жалпы аянты болжол менен 8 миң чарчы метрди түзөт.
Абхаз, армян номерлүү автоунаалардын көчөлөрдө жүрүшүнө тыюу салуу тапшырылды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Комитет жетекчиси бул маселе боюнча бүгүн тиешелүү органдар менен жыйын өткөргөнүн маалымдап, жыйынтыгында ИИМге, УКМКга жана Бажы кызматына "бир дагы мыйзамсыз алып келинген машиналар көчөлөрдө жүрбөшү керек" деген тапшырма берген. Ташиев мындай автоунаалар үч этап менен мыйзамдаштырыларын айтты. Ал ошондой эле оң рулдуу машиналардын ээлерин митинг уюштуруу жөнүндө ойлонбоого чакырды.ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда абхаз, армян номерлүү 15 миңдей автоунаа бар.
Сириянын оппозициясы Башар Асаддын тууганы Сулейманини өлүм жазасына тартты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Латакияга сириялык козголоңчулардын башкы күчтөрүнүн келиши менен улуттук коргонуу күчтөрүнүн жетекчиси Сулейман аль-Асад өлтүрүлдү", — деп айтылган маалыматта. 2024-жылдын 8-декабрында Сириядагы кырдаал өзгөргөн. Учурда Сирия өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлүп, бул өкмөт министрлердин жаңы кабинети түптөлгөнгө чейин иштери айтылды.
2025–2026-жылдардын республикалык бюджети боюнча мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Талкуу учурунда депутаттар инфраструктуралык объектилердин курулушу, аймактарды өнүктүрүү, коррупцияны жоюу жана башка маанилүү маселелерди көтөрүштү. Акылбек Жапаров үч жылдык курулуш планы бекитилгенин, анын алкагында 200гө жакын мектеп курулуп жатканын белгиледи. Мындан сырткары, депутаттар экономиканы өнүктүрүү, мигранттардын укуктарын коргоо, ирригациялык системаларды жакшыртуу жана социалдык объектилерди каржылоого көңүл бурушту. Жыйынтыгында каттоодон өткөн 83 депутаттын 80и мыйзам долбоорлоруна "макул " деп добуш берди, бирөө каршы болду. Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо» долбоору боюнча макулдашуу ратификацияланды. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 13-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Макулдашуулар «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары болуп саналган жарандар үчүн каржылоонун ислам принциптери боюнча ипотекалык продуктуларды берүү жана турак жай куруу үчүн 79 млн доллары өлчөмүндө жеңилдетилген каржылоону тартуу каралган. Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт салтанаттуу түрдө ачылды. Аба майдандын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты. Иш-чарада Садыр Жапаров союз тарагандан кийин аэропорттор иштебей калып, ички каттамдар токтогонун белгиледи. "Каракол" эл аралык аэропорту бир саатта 250 жүргүнчүнү тейлей алат. Шаарга жаратылышыбызга суктанган туристтер көп келет. Эми биз эшигибизди кенен ачып, аларды тосуп алууга даярбыз", - деди өлкө башчысы. Аэропорттун жалпы аянты болжол менен 8 миң чарчы метрди түзөт.Абхаз, армян номерлүү автоунаалардын көчөлөрдө жүрүшүнө тыюу салуу тапшырылды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Комитет жетекчиси бул маселе боюнча бүгүн тиешелүү органдар менен жыйын өткөргөнүн маалымдап, жыйынтыгында ИИМге, УКМКга жана Бажы кызматына "бир дагы мыйзамсыз алып келинген машиналар көчөлөрдө жүрбөшү керек" деген тапшырма берген. Ташиев мындай автоунаалар үч этап менен мыйзамдаштырыларын айтты. Ал ошондой эле оң рулдуу машиналардын ээлерин митинг уюштуруу жөнүндө ойлонбоого чакырды.ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда абхаз, армян номерлүү 15 миңдей автоунаа бар.Сириянын оппозициясы Башар Асаддын тууганы Сулейманини өлүм жазасына тартты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Латакияга сириялык козголоңчулардын башкы күчтөрүнүн келиши менен улуттук коргонуу күчтөрүнүн жетекчиси Сулейман аль-Асад өлтүрүлдү", — деп айтылган маалыматта. 2024-жылдын 8-декабрында Сириядагы кырдаал өзгөргөн. Учурда Сирия өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлүп, бул өкмөт министрлердин жаңы кабинети түптөлгөнгө чейин иштери айтылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0b/1090749000_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6a91cd0b4257e1f0fd1c59613da63441.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио