00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда дааватка чектөө киргизилбейт, бирок тартипке салынат. Бул тууралуу Дин иштери боюнча комиссиянын башчысы Азамат Юсупов билдирди. Учурда Жогорку Кеңеште дин чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлору каралууда. мыйзам жазуунун алдында өлкөдөгү диний чөйрөгө 3 жыл бою мониторинг жүргүзүлүп, көйгөйлөр аныкталганы айтылды. Билими бары-жогу деле диний чечимдерди кабыл алып, соцтармактар аркылуу маалымат таратууда 2 жылда Сириядан 520 кыргызстандык кайтарылды. Анын басымдуу бөлүгү аялдар менен балдар. Өлкөдөн кыздар чыгып кетип, 3-4 баласы менен кайтууда, ар бири ар башка улуттун баласы Мамлекет дааватка каршы экен деген жаңылыш кептер айтылууда. Дааватка чектөө киргизилбейт, бирок тартипке салынат. Анткени азыр экстремисттик топтор дагы үймө-үй кыдырып өз идеологиясын таратып жүрөт Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорлоруна талкуусуз добуш берүүнү сунуштап, ал биринчи окууда жактырылды.
Ар бир адамдын медиа сабаттуу болуусу замандын талабына айланды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар иши министринин орун басары Марат Тагаев медиа сабаттуулук, кастык тили менен күрөшүү жана жалган маалыматка туруштук берүү багытындагы стратегияны талкуулоо учурунда билдирди. Бишкекте өткөн иш-чараны Жамааттык ЖМКлар ассоциациясы уюштурган. Министрдин орун басары XXI кылым жалпы адамзат үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн да жаңы чакырыктарды шарттаганын, технологиялардын заманында маалымат алуу, маалымат таратуу түп тамырынан бери өзгөргөнүн белгиледи. Тагаевдин айтымында, мурун маалыматты, жаңылыкты радио, телевидениеден кесипкөй журналисттерден гана алып келсек, бүгүнкү күндө мындай мүмкүнчүлүк ар бир адамда бар.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору Бишкектеги абанын сапат көрсөткүчүн жогору кылып көрсөткөн датчиктерди текшергенин ведомство билдирди. Адистер жабдуулардын тиешелүү сертификаттары жок экендигин аныктаган. Ошондой эле аппараттар жабык, желдетилбеген жерлерде орнотулгандыктан абанын сапаты тууралуу туура эмес маалымат бергендиги айтылды. Соңку жылдары борбор калаа кыш мезгилинде абасы кир шаарлардын сап башына чыгууда. Ыш маселесин чечүү талабы көптөн бери көтөрүлүп келе жатат. Абанын канчалык кирдегенин көрсөткөн датчиктер 2017-жылы орнотулган.
БУУнун Башкы ассамблеясы Газа секторунда ок атууну тез арада токтотуп, бардык туткундарды бошотууну талап кылган резолюция кабыл алды. Бул тууралуу БУУнун сайтында айтылат. Резолюцияны Кыргызстан менен 157 мамлекет колдоого алган. Демилгеге 9 өлкө каршы добуш берди, алардын ичинде Израиль, АКШ, Чехия жана Аргентина бар, мындан тышкары 13 мамлекет добуш берүүдөн карманган. Алжир, Египет, Катар жана Палестина башында турган бир катар өлкө сунуштаган документ жай тургундарга жана объектилерге кол салууну, элдин жер которууга мажбурланышын жана гуманитардык жардамдын блоктолушун сынга алат. Буга кошумча Башкы ассамблея Газа секторунун жашоочулары үчүн негизги кызматтар жана гуманитардык жардам жеткиликтүү болушун талап кылган. Документ "палестиналыктарды ачкачылыкка кептөөнүн бардык ыкмасын четке кагат".
Жаңылыктар түрмөгү
0