https://sputnik.kg/20241213/1090803255.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш болуп келген жерлерди теңме-тең бөлүштүк. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агентигине берген маегинде билдирди... 13.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-13T15:00+0600
2024-12-13T15:00+0600
2024-12-13T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0d/1090803123_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_24c54709bcf5d2833b42ea4f2487d7b5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш болуп келген жерлерди теңме-тең бөлүштүк. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агентигине берген маегинде билдирди. Журналист кыргыз-тажик чек арасы чечилгени боюнча маалымдалганын айтып, комментарий берүүнү өтүнгөн. Өлкө башчы чек ара эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилгенин айтты. "Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот", — деди Жапаров. Ошондой эле ал өкмөттөр аралык комиссиялар ишин аяктаса тышкы иштер министрлери кол коюшарын, андан кийин парламенттерден ратификациядан кийин президенттер кол коюп маселеге чекит коюларын белгиледи. Мындан тышкары, өлкө башчы өкмөттөр аралык комиссиялардын иши бүткөндөн кийин чек ара посттору ачыларын кошумчалаган.Эске салсак, 4-декабрда Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушкан. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасы толугу менен аяктап, жумушчу топторго жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилгени айтылган.
Бишкекте конференция уюштуруп жүргөн сектанттар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар "Кришна аң-сезиминин эл аралык коому" сектасынын жактоочулары. "Жергиликтүү сектанттар чет өлкөлүк миссионерди тартып, өзүн өнүктүрүү боюнча психологиялык сессияларды уюштуруп келген. Анда медитация, мантрларды ырдоо, жашыруун диний ырым-жырымдар жүргүзүлгөн. Сектанын жактоочулары Бишкектеги мейманканалардын биринде 300гө жакын адам катышкан конференция уюштуруп, билеттерди 1000-3000 сомго чейин саткан", — деп айтылат маалыматта.Иш-чарага катышкандардын көбү уюштуруучулардын диний сектага катыштыгы бар экендигинен кабары болбогонун айтышкан. Жыйынтыгында уюштуруучулар 120 миң сомго айыпка жыгылганы белгиленди.
Россиянын футзал боюнча улуттук курамалары Бишкекке келишти. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча ассоциациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, эркектер жана кыз-келиндер курамасын аэропорттон уюштуруучулар тосуп алган. Эске салсак, 14-15-декабрда Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын командаларынын жолдоштук беттеши өткөрөт.
Америка Украинага артиллериянын огунан жана биологиялык, химиялык, өзөктүк кооптуулуктардан коргонуучу жабдуулардан турган кошумча жардам карайт. Бул тууралуу айткан АКШнын мамлекеттин катчысы Энтони Блинкендин сөзү Мамдепарменттин сайтына жарыяланды. Блинкен аталган жардам Пентагондун кампаларынан 500 миллион доллар көлөмүндө көрсөтүлөрүн билдирген."Буга пилотсуз учкан аппараттар, HIMARS жана артиллерия үчүн чыгарылган 155,105 миллиметрлик ок-дары кирген. Андан сырткары, катуу ылдамдыкта иштеген радиолокацияга каршы ракеталар, дрондор, минага каршы жана ылдам жүргөн тактикалык жеңил транспорттор, биологиялык, химиялык, өзөктүк кооптуулуктардан коргонуучу жабдуулар, Javelin системалары бар", — деп айтылган билдирүүдө.
Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш болуп келген жерлерди теңме-тең бөлүштүк. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агентигине берген маегинде билдирди. Журналист кыргыз-тажик чек арасы чечилгени боюнча маалымдалганын айтып, комментарий берүүнү өтүнгөн. Өлкө башчы чек ара эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилгенин айтты. "Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот", — деди Жапаров. Ошондой эле ал өкмөттөр аралык комиссиялар ишин аяктаса тышкы иштер министрлери кол коюшарын, андан кийин парламенттерден ратификациядан кийин президенттер кол коюп маселеге чекит коюларын белгиледи. Мындан тышкары, өлкө башчы өкмөттөр аралык комиссиялардын иши бүткөндөн кийин чек ара посттору ачыларын кошумчалаган.Эске салсак, 4-декабрда Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушкан. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасы толугу менен аяктап, жумушчу топторго жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилгени айтылган. Бишкекте конференция уюштуруп жүргөн сектанттар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар "Кришна аң-сезиминин эл аралык коому" сектасынын жактоочулары. "Жергиликтүү сектанттар чет өлкөлүк миссионерди тартып, өзүн өнүктүрүү боюнча психологиялык сессияларды уюштуруп келген. Анда медитация, мантрларды ырдоо, жашыруун диний ырым-жырымдар жүргүзүлгөн. Сектанын жактоочулары Бишкектеги мейманканалардын биринде 300гө жакын адам катышкан конференция уюштуруп, билеттерди 1000-3000 сомго чейин саткан", — деп айтылат маалыматта.Иш-чарага катышкандардын көбү уюштуруучулардын диний сектага катыштыгы бар экендигинен кабары болбогонун айтышкан. Жыйынтыгында уюштуруучулар 120 миң сомго айыпка жыгылганы белгиленди. Россиянын футзал боюнча улуттук курамалары Бишкекке келишти. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча ассоциациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, эркектер жана кыз-келиндер курамасын аэропорттон уюштуруучулар тосуп алган. Эске салсак, 14-15-декабрда Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын командаларынын жолдоштук беттеши өткөрөт.Америка Украинага артиллериянын огунан жана биологиялык, химиялык, өзөктүк кооптуулуктардан коргонуучу жабдуулардан турган кошумча жардам карайт. Бул тууралуу айткан АКШнын мамлекеттин катчысы Энтони Блинкендин сөзү Мамдепарменттин сайтына жарыяланды. Блинкен аталган жардам Пентагондун кампаларынан 500 миллион доллар көлөмүндө көрсөтүлөрүн билдирген."Буга пилотсуз учкан аппараттар, HIMARS жана артиллерия үчүн чыгарылган 155,105 миллиметрлик ок-дары кирген. Андан сырткары, катуу ылдамдыкта иштеген радиолокацияга каршы ракеталар, дрондор, минага каршы жана ылдам жүргөн тактикалык жеңил транспорттор, биологиялык, химиялык, өзөктүк кооптуулуктардан коргонуучу жабдуулар, Javelin системалары бар", — деп айтылган билдирүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0d/1090803123_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c243eab7ba51f31243fa22ffc5de5102.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио