https://sputnik.kg/20241213/1090807114.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Ал Жогорку Кеңештин "Ата-Журт... 13.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-13T17:00+0600
2024-12-13T17:00+0600
2024-12-13T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0d/1090806982_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_961f1d6eca3201084cd60db5b4c95e54.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Ал Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жыйынында баяндама жасады. Министр учурда өлкөдө төрт өнүктүрүү фонду иш алып барып жатканын эске салды"100 миллион доллар капиталы бар Кыргыз-Эмират холдинг компаниясын түзүү, Жибек Жолу фондунан (Кытай) бир миллиард юань тартуу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, 550 миллион доллар уставдык капиталы менен Түрк инвестициялык фонду ишке киргени турат. Биз тараптан 70 миллион доллар үлүшүбүздү кошобуз. Жыл соңуна чейин беш миллион доллар которобуз. Мындан тышкары, Иран, перс өлкөлөрү менен эки тараптуу фонддорду түзүү максатталууда", — деди Амангелдиев. Жыйында депутат Айбек Маткеримов өнүктүрүү фонддордон ишкерлер акча ала албай жатканын айтып, алардын иши боюнча маалымат берүүнү өтүндү.
Кечээ жана мурдагы күнү өлкөдө электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,931 миллион киловатт-саатка жетип рекорд жараткан. Буга чейинки рекорд 73,370 миллион киловатт чегинде былтыр 14-декабрда катталган. "Учурда электрди ашыкча колдонгон аймактарда энергетиктер абоненттерди башка линияга которууда. Буга бир-эки сааттык убакыт талап кылынат. Бул учурда свет өчөт. Эгерде мындай чара көрүлбөсө, кымбат жабдуулар иштен чыгышы мүмкүн", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле Токтогул суу сактагычында жылытуу мезгилине карата 13,257 милиард куб метр суу топтолгон. Электр энергияны керектөөнүн кескин өсүшүнөн улам бүгүнкү күнгө бир миллиард куб метрден ашык суу иштетилип кеткен.
Оштогу муктаж үй-бүлөлөргө 1552 тонна байытылган буудай уну таратылат. Бул тууралуу Россиянын Ош шаарындагы консулдугунан билдиришти.Маалыматка ылайык, 12-декабрда консулдуктун кызматкерлери жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү Ош облусунда ишке ашырылып жаткан иштерди көрүшкөн.Анын жүрүшүндө катышуучулар Кыркол жайлоосунда курулган сарайды, Үч-Бай айылында таза суу киргизүү иштери жана резервуарын куруу, Ак-Булак мектебинде тамактануу программасынын жүрүшү, Насирдин Исанов айылындагы тигүүчүлүк курстары жана Кайрагач жана Бел айылдарындагы көпүрөлөрдү куруу боюнча иштерди көрүп чыгышканы белгиленди."Жыйынтыгында Россиянын гуманитардык жардамын өткөрүп берүү аземи болду. Бул жардамдын алкагында 1552 тонна байытылган буудай унунун аймактагы муктаж үй-бүлөлөргө бөлүнүшү каралган", — деп жазылган маалыматта.
Чүй облусунда тоо лыжа базаларында – “Төө-Ашуу”, “Орловка”, “ЗИЛ”, “Чуңкурчак” жана “Кашка-Сууда” кышкы туристтик сезонго даярдыкка мониторинг жүргүзүлдү. Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, Төө-Ашуу базасында кардын калыңдыгы 70 сантиметрден ашып, үч жумадан бери иштеп эс алуучуларды кабыл алууда. Ал эми, Кашка-Суу бул жумада кардын аз катмары болгонуна карабай, кар замбиректери менен жасалма газон жасап, жолдорун ачты. Ошондой эле, ЗИЛ жана Чуңкурчак базаларында кар азырынча аз. Лыжанын сезону бир жумадан кийин башталат. 1840 метр бийиктикте жайгашкан Орловка базасында да кышкы сезон 20-декабрдан кийин ачылат.
Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Ал Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жыйынында баяндама жасады. Министр учурда өлкөдө төрт өнүктүрүү фонду иш алып барып жатканын эске салды"100 миллион доллар капиталы бар Кыргыз-Эмират холдинг компаниясын түзүү, Жибек Жолу фондунан (Кытай) бир миллиард юань тартуу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, 550 миллион доллар уставдык капиталы менен Түрк инвестициялык фонду ишке киргени турат. Биз тараптан 70 миллион доллар үлүшүбүздү кошобуз. Жыл соңуна чейин беш миллион доллар которобуз. Мындан тышкары, Иран, перс өлкөлөрү менен эки тараптуу фонддорду түзүү максатталууда", — деди Амангелдиев. Жыйында депутат Айбек Маткеримов өнүктүрүү фонддордон ишкерлер акча ала албай жатканын айтып, алардын иши боюнча маалымат берүүнү өтүндү. Кечээ жана мурдагы күнү өлкөдө электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,931 миллион киловатт-саатка жетип рекорд жараткан. Буга чейинки рекорд 73,370 миллион киловатт чегинде былтыр 14-декабрда катталган. "Учурда электрди ашыкча колдонгон аймактарда энергетиктер абоненттерди башка линияга которууда. Буга бир-эки сааттык убакыт талап кылынат. Бул учурда свет өчөт. Эгерде мындай чара көрүлбөсө, кымбат жабдуулар иштен чыгышы мүмкүн", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле Токтогул суу сактагычында жылытуу мезгилине карата 13,257 милиард куб метр суу топтолгон. Электр энергияны керектөөнүн кескин өсүшүнөн улам бүгүнкү күнгө бир миллиард куб метрден ашык суу иштетилип кеткен.Оштогу муктаж үй-бүлөлөргө 1552 тонна байытылган буудай уну таратылат. Бул тууралуу Россиянын Ош шаарындагы консулдугунан билдиришти.Маалыматка ылайык, 12-декабрда консулдуктун кызматкерлери жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү Ош облусунда ишке ашырылып жаткан иштерди көрүшкөн.Анын жүрүшүндө катышуучулар Кыркол жайлоосунда курулган сарайды, Үч-Бай айылында таза суу киргизүү иштери жана резервуарын куруу, Ак-Булак мектебинде тамактануу программасынын жүрүшү, Насирдин Исанов айылындагы тигүүчүлүк курстары жана Кайрагач жана Бел айылдарындагы көпүрөлөрдү куруу боюнча иштерди көрүп чыгышканы белгиленди."Жыйынтыгында Россиянын гуманитардык жардамын өткөрүп берүү аземи болду. Бул жардамдын алкагында 1552 тонна байытылган буудай унунун аймактагы муктаж үй-бүлөлөргө бөлүнүшү каралган", — деп жазылган маалыматта.Чүй облусунда тоо лыжа базаларында – “Төө-Ашуу”, “Орловка”, “ЗИЛ”, “Чуңкурчак” жана “Кашка-Сууда” кышкы туристтик сезонго даярдыкка мониторинг жүргүзүлдү. Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, Төө-Ашуу базасында кардын калыңдыгы 70 сантиметрден ашып, үч жумадан бери иштеп эс алуучуларды кабыл алууда. Ал эми, Кашка-Суу бул жумада кардын аз катмары болгонуна карабай, кар замбиректери менен жасалма газон жасап, жолдорун ачты. Ошондой эле, ЗИЛ жана Чуңкурчак базаларында кар азырынча аз. Лыжанын сезону бир жумадан кийин башталат. 1840 метр бийиктикте жайгашкан Орловка базасында да кышкы сезон 20-декабрдан кийин ачылат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0d/1090806982_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_68139290dd3037eac8db56638027069b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио