00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Русский язык как инструмент межкультурного диалога в странах ЕАЭС
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Жусуп Баласагындын кыргызга таандыгын далилдеген окумуштуу Качкынбай Артыкбаев
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Какие геополитические изменения произошли в 2024 году
18:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
2025-жылдан тарта Премьер-лигадагы командалардын саны өсөт, клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет
19:07
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Правила и риски криптовалютных инвестиций: советы экономиста
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
ЕАЭБ өлкөлөрү экономика менен биримдиктеги өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жасалма интеллектини активдүү пайдаланууну башташы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Өкмөт башчы дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн экномикасы азыр Кондратьев циклинин алтынчы толкунуна киришкенин айтты. “Жаңы технологиялык тартиптин өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү үчүн бизге бардык интеллектуалдык жана адамдык дараметти бириктирип, натыйжалуу инновациялык жана инвестициялык саясатты калыптандыруу керек”, — деди Жапаров. Кондратьев цикли — дүйнөлүк экономиканын көтөрүлүш жана төмөндөшүнүн катарынан алмашып турган мезгилин чагылдырат. Мындай циклдер 45-60 жылга созулат.
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын декабрынан тарта угуусу начар адамдар үчүн айдоочулук күбөлүк алуудан теориялык экзаменде сурдокотормо жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, угуусу начар курсанттар экзамендин теориялык бөлүгүн кесипкөй сурдокотормочунун жардамы менен видео аркылуу тапшыра алышат. Бул аларга маалыматты оңой кабыл алууга жана жол кыймылынын эрежелери боюнча билим сынагынан ийгиликтүү өтүүгө жардам берет. Экзамендин бардык баскычтарында сурдокотормо берилет, анын ичинде нускамалар жана суроолорго жооп берилет. Белгилей кетсек, бул кадам агенттик менен “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесинин кызматташуусунун натыйжасында мүмкүн болду.
Кыргызстанда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөк пулун алгандардын саны азайган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, эгерде өткөн жылы социалдык жардамдын бул түрүн 83 824 аз камсыз болгон үй-бүлө алса, быйылкы жылы алардын саны 66 265 үй-бүлөнү түзгөн. Ага ылайык, ай сайын мамлекеттен 1,2 миң сомдук жөлөкпул алып турган балдардын саны да азайды – өткөн жылдагы 284 794 баладан быйылкы жылдын аягында 231 691 балага чейин. Ошентип, алуучу үй-бүлөлөрдүн саны 17 559 үй-бүлөгө азайган.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын кеңешчилери учурдагы америкалык администрациянын жана украиналык жетекчиликтин өкүлдөрү менен Москва-Киевдин ортосундагы жаңжалды токтотуунун жолдору тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу NBC News телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматта Трамптын командасы, анын ичинде негизги кызматтарга коюлчу талапкерлер дагы азырынча Киевге так план бере электиги айтылат. Трамп өзү дагы жакында эле Time журналына курган маегинде эч нерсени ачыктаган эмес. Бирок ал Украинага жардамды Россияга каршы таасир берүү жолу катары колдонорун айткан. АКШнын жаңы шайланган президенти кызматына 20-январдан тарта киришет.
Жаңылыктар түрмөгү
0