https://sputnik.kg/20241217/1090880231.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаевди ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл... 17.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-17T15:00+0600
2024-12-17T15:00+0600
2024-12-17T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/11/1090880099_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_18dfc9ba16399142a22a0467527f892a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаевди ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алды жана аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар кандай чөйрөлөрдө туруктуу өнүгүү динамикасын көрсөткөн мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлине канааттануусун билдирди. Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын июль айында Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашууларды, анын ичинде баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшө турган Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү тууралуу макулдашууларды ишке ашырууга ишеним билдирди. Экономикалык кызматташтыктын контекстинде Садыр Жапаров өз ара соода көлөмүнүн өсүшүн, товарлардын номенклатурасынын кеңейишин жана экспорттук-импорттук байланыштардын бекемделишин белгиледи. Ал биргелешкен ишканаларды түзүүнүн жана ири инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде энергетика жана транспорт тармактарында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Бишкекте аялды өлтүрүүгө шектелип 33 жаштагы киши кармалганын Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булак билдирди. Окуя бүгүн саат 11.45 чамасында мурдагы Чыгыш автобекетинде болгон. Эркек аялына 20 жолу бычак сайып, аял тез жардам келгенге чейин каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, чыр кызганычтан улам чыккан. Маалыматты Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы тастыктады. Факты боюнча кылмыш иши козголду.
Кыргызстанда 16-декабрга карата 2025-жылдын түшүмү үчүн республика боюнча 152,1 миң га жер аянтка күздүк кылкандуу дан эгиндери себилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул 2023-жылга салыштырмалуу 1,5 миң га жерге көп. Анын ичинен күздүк буудай 144,6 миң га аянтка себилген, бул өткөн жылга караганда 3,2 миң га көп. Ал эми күздүк арпа болгону 8,6 миң га жерге себилген, бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,6 миң га аз.Жалпысынан пландаштырылган 201,4 миң гектардын 152,1 миң гектарында себүү иштери жүргүзүлүп, бул жалпы пландын 75,5% түздү. Белгилей кетсек, Ош жана Баткен облустарында күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү иштери жогорку темпте жүргүзүлүп, 2023-жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу Баткен облусунда себүү аянты 18,4%га, ал эми Ош облусунда 8,7%га көбөйдү.
Бундестагдын депутаттарынын көбү Германиянын канцлери Олаф Шольцтун өкмөтүнө көрсөтүлгөн ишенимден ажыратуу маселесин көтөрдү. Бул февралда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого жол ачарын парламенттин төрагасы Бербель Бас түз эфир учурунда айтканын РИА Новости жазды.Жыйынга катышкан 717 депутаттын ичинен 394ү канцлерге каршы чыгып добуш берген. 207 эл өкүлү ага нааразы эместигин айтса, 116сы ортодо турган. Ишеним көрсөтүү же андан ажыратуу үчүн 367 добуш керек. Өкмөткө ишенимдин жоктугунан жана президент парламентти тараткандан кийин мөөнөтүнөн мурда болчу шайлоо күтүлүп жатат. Алдын ала эсептөөлөрдө добуш берүү 2025-жылдын 23-февралында болушу мүмкүн. Ишеним туурасында сурамды канцлер өзү өткөн шаршембиде, 11-декабрда, жөнөткөн.Бундестагдын жогорудагы маселеге арналган кезексиз жыйынында анын башкы атаандашы Христиандык-демократиялык союздун башчысы (ХДС) Фридрих Мерц Шольцту Германиядагы экономикалык каатчылыктын жүзү деп атап, мамлекетти уятка калтырып жатат деп сыпаттаган.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаевди ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алды жана аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар кандай чөйрөлөрдө туруктуу өнүгүү динамикасын көрсөткөн мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлине канааттануусун билдирди. Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын июль айында Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашууларды, анын ичинде баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшө турган Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү тууралуу макулдашууларды ишке ашырууга ишеним билдирди. Экономикалык кызматташтыктын контекстинде Садыр Жапаров өз ара соода көлөмүнүн өсүшүн, товарлардын номенклатурасынын кеңейишин жана экспорттук-импорттук байланыштардын бекемделишин белгиледи. Ал биргелешкен ишканаларды түзүүнүн жана ири инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде энергетика жана транспорт тармактарында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.Бишкекте аялды өлтүрүүгө шектелип 33 жаштагы киши кармалганын Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булак билдирди. Окуя бүгүн саат 11.45 чамасында мурдагы Чыгыш автобекетинде болгон. Эркек аялына 20 жолу бычак сайып, аял тез жардам келгенге чейин каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, чыр кызганычтан улам чыккан. Маалыматты Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы тастыктады. Факты боюнча кылмыш иши козголду.Кыргызстанда 16-декабрга карата 2025-жылдын түшүмү үчүн республика боюнча 152,1 миң га жер аянтка күздүк кылкандуу дан эгиндери себилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул 2023-жылга салыштырмалуу 1,5 миң га жерге көп. Анын ичинен күздүк буудай 144,6 миң га аянтка себилген, бул өткөн жылга караганда 3,2 миң га көп. Ал эми күздүк арпа болгону 8,6 миң га жерге себилген, бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,6 миң га аз.Жалпысынан пландаштырылган 201,4 миң гектардын 152,1 миң гектарында себүү иштери жүргүзүлүп, бул жалпы пландын 75,5% түздү. Белгилей кетсек, Ош жана Баткен облустарында күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү иштери жогорку темпте жүргүзүлүп, 2023-жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу Баткен облусунда себүү аянты 18,4%га, ал эми Ош облусунда 8,7%га көбөйдү.Бундестагдын депутаттарынын көбү Германиянын канцлери Олаф Шольцтун өкмөтүнө көрсөтүлгөн ишенимден ажыратуу маселесин көтөрдү. Бул февралда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого жол ачарын парламенттин төрагасы Бербель Бас түз эфир учурунда айтканын РИА Новости жазды.Жыйынга катышкан 717 депутаттын ичинен 394ү канцлерге каршы чыгып добуш берген. 207 эл өкүлү ага нааразы эместигин айтса, 116сы ортодо турган. Ишеним көрсөтүү же андан ажыратуу үчүн 367 добуш керек. Өкмөткө ишенимдин жоктугунан жана президент парламентти тараткандан кийин мөөнөтүнөн мурда болчу шайлоо күтүлүп жатат. Алдын ала эсептөөлөрдө добуш берүү 2025-жылдын 23-февралында болушу мүмкүн. Ишеним туурасында сурамды канцлер өзү өткөн шаршембиде, 11-декабрда, жөнөткөн.Бундестагдын жогорудагы маселеге арналган кезексиз жыйынында анын башкы атаандашы Христиандык-демократиялык союздун башчысы (ХДС) Фридрих Мерц Шольцту Германиядагы экономикалык каатчылыктын жүзү деп атап, мамлекетти уятка калтырып жатат деп сыпаттаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/11/1090880099_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0568437c3255ad54163c2e1fa3f6336a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио