https://sputnik.kg/20241217/1090885413.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик кызматкерлер жыл соңуна чейин турак жайларын камсыздандырууга тийиш. Бул тууралуу "Токтом" порталына жарыяланды.Маалыматка ылайык, чечим "Турак... 17.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-17T17:00+0600
2024-12-17T17:00+0600
2024-12-17T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/11/1090885281_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_46400f16867e5dc76d594769e41f84ef.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик кызматкерлер жыл соңуна чейин турак жайларын камсыздандырууга тийиш. Бул тууралуу "Токтом" порталына жарыяланды.Маалыматка ылайык, чечим "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу максатында кабыл алынган."Мамлекеттик, муниципалдык ишканалар менен мекемелердин, ошондой эле мамлекеттин үлүшү 50 пайыздан ашык болгон чарбалык коомдордун кызматкерлери өздөрүнө тиешелүү турак жайларын камсыздандырууга милдеттүү. Ал эми мамлекеттин үлүшү 50 пайыздан төмөн болгон чарбалык коомдордун жана жеке менчик юридикалык жактардын кызматкерлерине турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу сунушталат", — деп жазылган маалыматта.Мындан тышкары, электр энергиясы, газ, суу түтүгү, жылытуу, канализация кошуу же жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалым каттарды алуу сыяктуу мамлекеттик кызматтарды колдонууда сөзсүз түрдө камсыздандыруу полиси талап кылынат.
Россияда 375 миң кыргызстандык иштейт, алардын 20-30 пайызы өз өндүрүшүн түзүп, иш берүүчү болуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, Россия — Кыргызстандын негизги өнөктөшү."Быйыл Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 3 миллиард долларды түздү. Активдүүлүк жогору, көптөгөн бизнесмендер биргелешкен ишканаларды ачуу үчүн Кыргызстанга келип жатат. Учурда 375 миң кыргызстандык Россияда эмгектенет, алардын 20-30 пайызы өз өндүрүшүн уюштуруп, резидент катары иштеп жатышат", — деди Сариев.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин редакциясы президенттин "Мейкин" сыйлыгына татыды.Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн Бишкекте өттү. Калыстар тобу 10 номинациянын ар бири боюнча мыктыларды аныктаган. Жалпы байге фонду 10 миллион сомду түздү.Биздин агенттикке "Сергек жашоо" номинациясында акчалай сыйлык ыйгарылды. Тагдырдын кыйынчылыгын жеңип, жашоонун маңызын спорт аркылуу тапкан фитнес-тренер тууралуу видеоролик тартканбыз. Команда каражаттын бир бөлүгүн кайрымдуулукка берүүнү пландаштырууда.Президент Садыр Жапаров журналисттер үчүн президенттик "Мейкин" сыйлыгын негиздеген. Демилге медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо, жетишкендиктерди таануу, журналисттик кесиптин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүккө дем берүү максатында иштелип чыкканы айтылган. "Мейкин" сый акысы жыл сайын берилип турмакчы. Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомдон ашып, 10 номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон сый акы каралган.
ЕАЭБ өзүн тең укуктуулукка негизделген жана ар бир катышуучунун кызыкчылыгын эске алган эффективдүү интеграциялык долбоор катары көрсөттү. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин "Российская газетага" курган маегинде билдирди.Ал белгилегендей, биримдиктеги байкоочу мамлекеттердин чөйрөсү кеңейүүдө. Мындай макам Өзбекстан менен Кубадан тышкары Иранга да берилет. Төрт мамлекет менен эркин соода келишими бар."ЕАЭБ өзүн тең укуктуулукка негизделген жана ар бир катышуучунун кызыкчылыгын эске алган эффективдүү интеграциялык долбоор катары көрсөттү. "Бештикте" бири-бирин угуу, ишенүү, компромисстерди издөө жана табуу, эл аралык укуктун нормаларын урматтоо салтка айланган", — деди Мишустин.
Мамлекеттик кызматкерлер жыл соңуна чейин турак жайларын камсыздандырууга тийиш. Бул тууралуу "Токтом" порталына жарыяланды.Маалыматка ылайык, чечим "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу максатында кабыл алынган."Мамлекеттик, муниципалдык ишканалар менен мекемелердин, ошондой эле мамлекеттин үлүшү 50 пайыздан ашык болгон чарбалык коомдордун кызматкерлери өздөрүнө тиешелүү турак жайларын камсыздандырууга милдеттүү. Ал эми мамлекеттин үлүшү 50 пайыздан төмөн болгон чарбалык коомдордун жана жеке менчик юридикалык жактардын кызматкерлерине турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу сунушталат", — деп жазылган маалыматта.Мындан тышкары, электр энергиясы, газ, суу түтүгү, жылытуу, канализация кошуу же жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалым каттарды алуу сыяктуу мамлекеттик кызматтарды колдонууда сөзсүз түрдө камсыздандыруу полиси талап кылынат.Россияда 375 миң кыргызстандык иштейт, алардын 20-30 пайызы өз өндүрүшүн түзүп, иш берүүчү болуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, Россия — Кыргызстандын негизги өнөктөшү."Быйыл Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 3 миллиард долларды түздү. Активдүүлүк жогору, көптөгөн бизнесмендер биргелешкен ишканаларды ачуу үчүн Кыргызстанга келип жатат. Учурда 375 миң кыргызстандык Россияда эмгектенет, алардын 20-30 пайызы өз өндүрүшүн уюштуруп, резидент катары иштеп жатышат", — деди Сариев. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин редакциясы президенттин "Мейкин" сыйлыгына татыды.Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн Бишкекте өттү. Калыстар тобу 10 номинациянын ар бири боюнча мыктыларды аныктаган. Жалпы байге фонду 10 миллион сомду түздү.Биздин агенттикке "Сергек жашоо" номинациясында акчалай сыйлык ыйгарылды. Тагдырдын кыйынчылыгын жеңип, жашоонун маңызын спорт аркылуу тапкан фитнес-тренер тууралуу видеоролик тартканбыз. Команда каражаттын бир бөлүгүн кайрымдуулукка берүүнү пландаштырууда.Президент Садыр Жапаров журналисттер үчүн президенттик "Мейкин" сыйлыгын негиздеген. Демилге медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо, жетишкендиктерди таануу, журналисттик кесиптин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүккө дем берүү максатында иштелип чыкканы айтылган. "Мейкин" сый акысы жыл сайын берилип турмакчы. Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомдон ашып, 10 номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон сый акы каралган.ЕАЭБ өзүн тең укуктуулукка негизделген жана ар бир катышуучунун кызыкчылыгын эске алган эффективдүү интеграциялык долбоор катары көрсөттү. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин "Российская газетага" курган маегинде билдирди.Ал белгилегендей, биримдиктеги байкоочу мамлекеттердин чөйрөсү кеңейүүдө. Мындай макам Өзбекстан менен Кубадан тышкары Иранга да берилет. Төрт мамлекет менен эркин соода келишими бар."ЕАЭБ өзүн тең укуктуулукка негизделген жана ар бир катышуучунун кызыкчылыгын эске алган эффективдүү интеграциялык долбоор катары көрсөттү. "Бештикте" бири-бирин угуу, ишенүү, компромисстерди издөө жана табуу, эл аралык укуктун нормаларын урматтоо салтка айланган", — деди Мишустин.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/11/1090885281_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_923ee0e5b680cf5f4c4fe90079ec638a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио