00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Жусуп Баласагындын кыргызга таандыгын далилдеген окумуштуу Качкынбай Артыкбаев
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Какие геополитические изменения произошли в 2024 году
18:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
2025-жылдан тарта Премьер-лигадагы командалардын саны өсөт, клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет
19:07
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Правила и риски криптовалютных инвестиций: советы экономиста
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Адилеттүү иштегенге көзүңөр жетпесе арыз жазып кеткениңер оң. Бул тууралуу Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди. Ал бийликтегилер эртели-кеч кетерин эскертип, чын жүрөктөн, ак ниет, таза иштеп берүүгө чакырды. "Министрлерге айтарым, мурдагы заманды унуткула, ар бир жетекчи, өз тармагыңарды иретке келтиргиле. Коррупциялык элементтерди, уурулукту түп-тамыры менен жок кылгыла. Таза иштегиле", — деди президент.Ошондой эле мамлекет башчы эгерде адилеттүү иштей албаса эртерээк арыз жазып кетип калганы өздөрүнө жакшы болорун белгиледи.
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы ЕАЭБ алкагында саламаттыкты сактоо жаатындагы экономикалык кызматташуу боюнча сунуштаманы бекитти. Бул документ ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн заманбап медициналык технологияларды жеткиликтүү кылууга жардам берери айтылды. Документте маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана телемедицинаны өнүктүрүү, жогорку технологиялык меджардам көрсөтүү жана аталган тармактагы технологияларды стандартташтыруу боюнча кызматташтыкты күчөтүү каралган. "Бул демилгелерди ишке ашыруу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн заманбап медициналык технологиялар менен жогорку технологиялык меджардамды жеткиликтүү кылууга шарт түзөт", — деп билдирди ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов. Ошондой эле телемедицинаны колдонуу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө жана жарандарга аралыктан меджардам көрсөтүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу сунушталды.
Ишкерлерге Фитосанитардык сертификаттарды онлайн алууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Айыл чарба продукцияларын экспорттоодо фитосанитардык документтерди алуу процессин автоматташтыруу максатында Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте «бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы аркылуу электрондук өтүнмө берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ага ылайык, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары фитосанитардык документтерди алуу үчүн Департаменттин кеңселерине же Ишкерлерди тейлөө борборлоруна барбай эле, аралыктан электрондук түрдө шилтеме аркылуу арыз бере алышат.
Баткен районунун Таян айылындагы 150 орундуу Таян мектебинин курулушу быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чаба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектептин курулуш 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, тендердик баасы 83,2 млн сомду түзгөн. Долбоор боюнча заманбап шартта эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галерея, ашканасы бар. Ошондой эле негизги окуу класстардан тышкары китепкана, компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лаборатория, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга устакана каралган. Объекттин жалпы аянты 1233 чарчы метрди түзөт. Учурда мектептин курулуш-монтаждоо иштери 95%га бүткөрүлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0