https://sputnik.kg/20241218/1090915313.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Милиция Бишкекте 31 млн. сомду тоногондорду аныктадыМосквада энергетика боюнча эл аралык форум өттү1-январдан баштап чет элдиктерге уруксат берүү боюнча жаңы... 18.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-18T17:00+0600
2024-12-18T17:00+0600
2024-12-18T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/12/1090915181_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2b05910d1f397e11456d57bf5455cc7d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Милиция Бишкекте 31 млн. сомду тоногондорду аныктадыМосквада энергетика боюнча эл аралык форум өттү1-январдан баштап чет элдиктерге уруксат берүү боюнча жаңы эрежелер киргизилдиАлдыда кененирээк2025-жылдын 1-январынан тарта чет элдиктерге уруксат берүүчү документтерди берүү "Бирдиктүү терезе" принциби менен иштейт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Бардык процедуралар Evisa.e-gov.kg. веб-сайты аркылуу жүргүзүлөт. Маалымат алуу үчүн телефондор: 0312603070, +996703428865). Белгиленгендей, портал Ework.e-gov.kg 2024-жылдын 25-декабрынан тарта квоталарды жана иштөөгө уруксат алуу үчүн документтерди кабыл алууну токтотот. Жаңылык убактылуу жобонун бекитилиши менен байланыштуу экени айтылды. Министрлик чет өлкөлүк жумушчуларды жалдоочуларды 25-декабрга чейин тиешелүү документтерди берүү/алуу жол-жоболорун аяктоого чакырат.
Акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлерин тоноого катышкан төрт адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады. Кылмышка шектүүлөр тууралуу маалыматтар тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу ачыкка чыгарылбайт. Акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлерине кол салуу 11-декабрда болгон. Кылмышкерлер бычак менен куралданышып, атайын жилет жана бет кап кийип алышкан. Алар Ford Focus унаасы менен 31 миллион рублден ашык акчаны алып качып кетишкен.
Москвада EnergySpace деп аталган XVI эл аралык форум өттү. Иш-чарада глобалдуу энергетикалык тармактагы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу актуалдуу маселелерди, Россияга каршы санкциялык басымдын контекстинде БУУнун 7-Туруктуу өнүгүү максатына жетүү жолдору талкууланды. Форумдун башкы окуясы "Энергобаланс: азыркы учурдун реалдуулугу жана жасалган божомол" деген темадагы отурум жана стратегиялык сессиялар болду. Анда ири компаниялар менен аталган тармактын алдыңкы эксперттери энергетикалык коопсуздукту, технологиялык суверенитетти ишке ашырууну, ар кыл мамлекеттер менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түптөөнү сүйлөштү. Россиянын отун-энергетикалык комплексинин келечеги туурасында да талкуу болду. Иш-чарага БАЭнин, Кытайдын, Сауд Арабиясынын, Ирандын, Азербайжандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кувейттин, Катардын, Венесуэланын, Малайзиянын, Бразилиянын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Грузиядагы башаламандыкка дагы кийлигишти. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев ВГТРК менен РИА Новостиге курган маегинде билдирди. "Азыр абал (Грузияда – ред.) стабилдүүлүккө карай ооп жатканы жакшы. Бул жерде дагы Макрондун карааны көзгө чалдыкты. Бул киши өз өлкөсүндө отура албай Грузияга дагы кийлигишүүдө", — деди Алиев. Ноябрдын аягында Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе өлкөнүн Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо маселесин кароону 2028-жылга чейин токтотуу чечимин жарыялаган. Мындан улам оппозициянын кезектеги нааразылык акциялары башталган. Митингчилер петардаларды, таштарды, бөтөлкөлөрдү колдонушкан. Талкаланган жерлерден "Молотов коктейлинин" бөтөлкөлөрү да табылганы кабарланган. Коопсуздук күчтөрү атайын техникаларды, анын ичинде суу аткычтарды колдонуу менен жооп кайтарышкан.
Милиция Бишкекте 31 млн. сомду тоногондорду аныктадыМосквада энергетика боюнча эл аралык форум өттү1-январдан баштап чет элдиктерге уруксат берүү боюнча жаңы эрежелер киргизилдиАлдыда кененирээк2025-жылдын 1-январынан тарта чет элдиктерге уруксат берүүчү документтерди берүү "Бирдиктүү терезе" принциби менен иштейт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Бардык процедуралар Evisa.e-gov.kg. веб-сайты аркылуу жүргүзүлөт. Маалымат алуу үчүн телефондор: 0312603070, +996703428865). Белгиленгендей, портал Ework.e-gov.kg 2024-жылдын 25-декабрынан тарта квоталарды жана иштөөгө уруксат алуу үчүн документтерди кабыл алууну токтотот. Жаңылык убактылуу жобонун бекитилиши менен байланыштуу экени айтылды. Министрлик чет өлкөлүк жумушчуларды жалдоочуларды 25-декабрга чейин тиешелүү документтерди берүү/алуу жол-жоболорун аяктоого чакырат.Акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлерин тоноого катышкан төрт адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады. Кылмышка шектүүлөр тууралуу маалыматтар тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу ачыкка чыгарылбайт. Акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлерине кол салуу 11-декабрда болгон. Кылмышкерлер бычак менен куралданышып, атайын жилет жана бет кап кийип алышкан. Алар Ford Focus унаасы менен 31 миллион рублден ашык акчаны алып качып кетишкен.Москвада EnergySpace деп аталган XVI эл аралык форум өттү. Иш-чарада глобалдуу энергетикалык тармактагы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу актуалдуу маселелерди, Россияга каршы санкциялык басымдын контекстинде БУУнун 7-Туруктуу өнүгүү максатына жетүү жолдору талкууланды. Форумдун башкы окуясы "Энергобаланс: азыркы учурдун реалдуулугу жана жасалган божомол" деген темадагы отурум жана стратегиялык сессиялар болду. Анда ири компаниялар менен аталган тармактын алдыңкы эксперттери энергетикалык коопсуздукту, технологиялык суверенитетти ишке ашырууну, ар кыл мамлекеттер менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түптөөнү сүйлөштү. Россиянын отун-энергетикалык комплексинин келечеги туурасында да талкуу болду. Иш-чарага БАЭнин, Кытайдын, Сауд Арабиясынын, Ирандын, Азербайжандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кувейттин, Катардын, Венесуэланын, Малайзиянын, Бразилиянын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.Франциянын президенти Эммануэль Макрон Грузиядагы башаламандыкка дагы кийлигишти. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев ВГТРК менен РИА Новостиге курган маегинде билдирди. "Азыр абал (Грузияда – ред.) стабилдүүлүккө карай ооп жатканы жакшы. Бул жерде дагы Макрондун карааны көзгө чалдыкты. Бул киши өз өлкөсүндө отура албай Грузияга дагы кийлигишүүдө", — деди Алиев. Ноябрдын аягында Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе өлкөнүн Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо маселесин кароону 2028-жылга чейин токтотуу чечимин жарыялаган. Мындан улам оппозициянын кезектеги нааразылык акциялары башталган. Митингчилер петардаларды, таштарды, бөтөлкөлөрдү колдонушкан. Талкаланган жерлерден "Молотов коктейлинин" бөтөлкөлөрү да табылганы кабарланган. Коопсуздук күчтөрү атайын техникаларды, анын ичинде суу аткычтарды колдонуу менен жооп кайтарышкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/12/1090915181_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_22311592e9c857e03eddb13b00367a07.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио