https://sputnik.kg/20241222/1090999288.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Магдебургдагы терактыга байланыштуу көңүл айтты.“Германиянын Магдебург шаарында... 22.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-22T11:00+0600
2024-12-22T11:00+0600
2024-12-22T11:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/16/1090999156_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_073114b313ef8ac066f00f3995dd043a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Магдебургдагы терактыга байланыштуу көңүл айтты.“Германиянын Магдебург шаарында болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул окуянын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат телеграммада. Кечээ Магдебургдун борборундагы рождестволук жарманкеде жолтандабас топтолуп турган адамдарды коюп кеткен. Соңку маалыматтарга караганда, төрт адам каза болуп, 200гө жакын адам жаракат алган.
Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда суроолорго жооп берип жатып Европа парламентин Кыргызстандын ички иштерине киришпөөгө чакырды. Жакында эле Европа парламенти Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы абал жана добуш сатып алууга шектелип кармалган "Социал демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун иши боюнча резолюция кабыл алган. Жапаров резолюцияга Европарламенттин Франциядагы мүчөсү Тьерри Мариани жооп берип койгонун белгиледи. Кыргызстандын ТИМи Европа парламентинин резолюция кабыл алышын республиканын укук коргоо жана сот органдарына одоно басым жасоо аракети деп сыпаттаган.Мындан тышкары, Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик департаментине кайрылды. Ал Батыш каржылаган өкмөттүк эмес уюмдар жана ЖМКлар чоң суммадагы каражаттарды алышып, өздөрүнүн грант берүүчүлөрүнө "кооз" отчётторду берип жатышканын айтты. Президент иш жүзүнө келгенде алар жалган маалыматтарды таратуу менен жалаа жаап, терс көрүнүштөрдү гана издешерин белгиледи.
Өлкөдө кургак учуктун жайылышын алдын алуу үчүн жаңы эрежелер бекитилди. Мындай демилгени Саламаттык сактоо министрлиги көтөргөн. Министрлер кабинетинин 16-декабрдагы №758 токтомуна ылайык, кургак учуктун активдүү формасы менен ооруган адамдарга тыюу салынган жумуштардын тизмеси бекитилди.Бул тизмеде кургак учук инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында белгилүү жумуштарда иштөөгө чектөөлөр киргизилген. Тыюу салынган жумуштардын тизмесине тамак-аш өндүрүшү жана коомдук тамактануу чөйрөсү, коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн тейлөө кызматкерлери,тамак-аш жеткирүү кызматтары; хирургиялык жана медициналык мекемелердин айрым бөлүмдөрү; билим берүү жана тарбиялоо мекемелери; дарыканалар жана фармацевтикалык ишканалар; жеке жана мамлекеттик мончолор, бассейндер, мейманканалар, жатаканалар; чачтарачтар, сулуулук салондору, косметологиялык кызмат көрсөтүү жайлары; спорттук-ден соолукту чыңдоо борборлору суу түтүк курулмалары жана суу менен камсыздоо ишканалары кирди.
Дональд Трамп Евробиримдиктин өлкөлөрү Американын энергетикалык ресурстарын сатып ала баштабаса салык киргизем деп коркутту. Бул тууралуу АКШнын шайланган президенти Truth социалдык тармагына жазды.РИА Новости белгилегендей, Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө болот менен алюминийге жаңы салыктарды киргизген. 2022-жылдын соңунда АКШ инфляцияга каршы мыйзамды кабыл алгандан кийин европалык өнөктөштөрү менен дагы бир соода согушу башталган. Буга жооп катары Евробиримдик америкалык товарларга бажы төлөмдөрүн киргизген.Евробиримдик Трамп протекционисттик саясатка кайтып, Евробиримдиктен келген товарларга салыкты кайрадан жогорулатат деп кооптонууда. Буга чейин Кытайдын товарларынын тарифине 10 пайыз кошууну убада кылган.
Президент Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Магдебургдагы терактыга байланыштуу көңүл айтты.“Германиянын Магдебург шаарында болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул окуянын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат телеграммада. Кечээ Магдебургдун борборундагы рождестволук жарманкеде жолтандабас топтолуп турган адамдарды коюп кеткен. Соңку маалыматтарга караганда, төрт адам каза болуп, 200гө жакын адам жаракат алган.Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда суроолорго жооп берип жатып Европа парламентин Кыргызстандын ички иштерине киришпөөгө чакырды. Жакында эле Европа парламенти Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы абал жана добуш сатып алууга шектелип кармалган "Социал демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун иши боюнча резолюция кабыл алган. Жапаров резолюцияга Европарламенттин Франциядагы мүчөсү Тьерри Мариани жооп берип койгонун белгиледи. Кыргызстандын ТИМи Европа парламентинин резолюция кабыл алышын республиканын укук коргоо жана сот органдарына одоно басым жасоо аракети деп сыпаттаган.Мындан тышкары, Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик департаментине кайрылды. Ал Батыш каржылаган өкмөттүк эмес уюмдар жана ЖМКлар чоң суммадагы каражаттарды алышып, өздөрүнүн грант берүүчүлөрүнө "кооз" отчётторду берип жатышканын айтты. Президент иш жүзүнө келгенде алар жалган маалыматтарды таратуу менен жалаа жаап, терс көрүнүштөрдү гана издешерин белгиледи.Өлкөдө кургак учуктун жайылышын алдын алуу үчүн жаңы эрежелер бекитилди. Мындай демилгени Саламаттык сактоо министрлиги көтөргөн. Министрлер кабинетинин 16-декабрдагы №758 токтомуна ылайык, кургак учуктун активдүү формасы менен ооруган адамдарга тыюу салынган жумуштардын тизмеси бекитилди.Бул тизмеде кургак учук инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында белгилүү жумуштарда иштөөгө чектөөлөр киргизилген. Тыюу салынган жумуштардын тизмесине тамак-аш өндүрүшү жана коомдук тамактануу чөйрөсү, коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн тейлөө кызматкерлери,тамак-аш жеткирүү кызматтары; хирургиялык жана медициналык мекемелердин айрым бөлүмдөрү; билим берүү жана тарбиялоо мекемелери; дарыканалар жана фармацевтикалык ишканалар; жеке жана мамлекеттик мончолор, бассейндер, мейманканалар, жатаканалар; чачтарачтар, сулуулук салондору, косметологиялык кызмат көрсөтүү жайлары; спорттук-ден соолукту чыңдоо борборлору суу түтүк курулмалары жана суу менен камсыздоо ишканалары кирди.Дональд Трамп Евробиримдиктин өлкөлөрү Американын энергетикалык ресурстарын сатып ала баштабаса салык киргизем деп коркутту. Бул тууралуу АКШнын шайланган президенти Truth социалдык тармагына жазды.РИА Новости белгилегендей, Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө болот менен алюминийге жаңы салыктарды киргизген. 2022-жылдын соңунда АКШ инфляцияга каршы мыйзамды кабыл алгандан кийин европалык өнөктөштөрү менен дагы бир соода согушу башталган. Буга жооп катары Евробиримдик америкалык товарларга бажы төлөмдөрүн киргизген.Евробиримдик Трамп протекционисттик саясатка кайтып, Евробиримдиктен келген товарларга салыкты кайрадан жогорулатат деп кооптонууда. Буга чейин Кытайдын товарларынын тарифине 10 пайыз кошууну убада кылган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/16/1090999156_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2f5de2ac813998d510168bea841b54ee.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио