https://sputnik.kg/20241223/1091021472.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк "ак" доллар менен жүргөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштадыБыйыл эт өндүрүүнүн көлөмү 2,6 пайызга өстүШыкмаматов күйүүчү майдан бир... 23.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-23T17:00+0600
2024-12-23T17:00+0600
2024-12-23T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/17/1091021340_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_79b3c8da99ae1c2b5b434a0d80c99ca1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк "ак" доллар менен жүргөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштадыБыйыл эт өндүрүүнүн көлөмү 2,6 пайызга өстүШыкмаматов күйүүчү майдан бир сомдон алынса, транспорт салыгын жоюу керектигин айттыАлдыда кененирээкМамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов күйүүчү майдан бир сомдон алынса, транспорт салыгын жоюп салуу керектигин айтты. Анын айтымында, бул кош салык болуп калбашы үчүн керек. "Транспорт салыгы жолду оңдоо үчүн алынышы керек. Бирок ал жергиликтүү бюджетке түшүп, акимчилик жол оңдомок беле? Башка жакка кетип калып жатпайбы. Ал эми күйүүчү майдын литринен бир сомдон алынса Жол фондуна түшөт. Ошондо натыйжалуу болот. Автоунааны канча айдаганга жараша төлөнөт. Мындай учурда кош салык болбошу үчүн транспорт салыгын алып салуу зарыл", — деди Шыкмаматов. Эске салсак, 1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн күйүүчү майдын литрине 1 сомдон төлөнөт. Каражат түз Жол фондуна түшөрү айтылган.
Улуттук банк "ак" доллар (2006-жылга чейин чыгарылган банкнота) менен жүргүзүлгөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору даярдалган. Анда белгиленгендей, бул банкноталар жаңы аналогдоруна караганда жөнөкөй дизайнга ээ жана коргоо элементтери азыраак. "Эски көрүнгөнү менен "ак" доллар мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калууда. Бирок айрым учурларда финансылык-кредиттик уюмдар жана кардарлар аларды алмаштырууда же кабыл алууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Бул жасалма акчадан кооптонуудан улам болот", — деп айтылат негиздемеде.
2024-жылдын 1-декабрына карата 414,4 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 миң 425 тоннага көп экенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштеүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Өлкөдө эт өндүрүүнүн жогорулашы малдын көбөйүшүнө байланыштуу экени айтылды. Мындан тышкары, быйыл 11 айда 1692,5 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 38208 тоннага көп. Саан уйлардын саны быйыл былтыркы жыл менен салыштырмалуу 16,5 башка көбөйгөн. Бүгүнкү күнгө карата республикада 7 млн 344 миң 54 даана жумуртка өндүрүлдү, бул былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 95 миң 830 даанага көбүрөөк. Жумуртка өндүрүүнүн жогоруулашынын себеби тооктордун саны 571,1 миң башка көбөйүшү жана тооктордун орточо тукумдуулугу 18 даана жумурткага жогорулашы менен байланыштуу.
Европарламенттеги Словакиянын депутаты Любош Блага аталган өлкөнүн премьер-министри Роберт Фицонун Москвага келишин Зеленскийдин текебердигине берген жообу деп атады. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды. "Зеленский өзүнүн бой көтөргөндүгү үчүн мындан күчтүү нерсеге тушуккан эмес эле", — деген Блага. Эл өкүлү эки өлкөнүн мамилесине токтолуп, тарыхый окуяларды эске салган. "Россия бизге душман эмес, алар менен согушпайбыз, тескерисинче, Россияга словак элинин сый-урматы күчтүү", — деп Блага Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы фашизм менен болгон күрөштө бир дагы улут орустарчалык жабыркабаганын белгилеген.Ошондой эле айрым банктарда шектүү банкноталар пайда болгонун эске алып, "ак" доллар менен жүргүзүлгөн операциялар үчүн комиссия киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталган.
Улуттук банк "ак" доллар менен жүргөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштадыБыйыл эт өндүрүүнүн көлөмү 2,6 пайызга өстүШыкмаматов күйүүчү майдан бир сомдон алынса, транспорт салыгын жоюу керектигин айттыАлдыда кененирээкМамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов күйүүчү майдан бир сомдон алынса, транспорт салыгын жоюп салуу керектигин айтты. Анын айтымында, бул кош салык болуп калбашы үчүн керек. "Транспорт салыгы жолду оңдоо үчүн алынышы керек. Бирок ал жергиликтүү бюджетке түшүп, акимчилик жол оңдомок беле? Башка жакка кетип калып жатпайбы. Ал эми күйүүчү майдын литринен бир сомдон алынса Жол фондуна түшөт. Ошондо натыйжалуу болот. Автоунааны канча айдаганга жараша төлөнөт. Мындай учурда кош салык болбошу үчүн транспорт салыгын алып салуу зарыл", — деди Шыкмаматов. Эске салсак, 1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн күйүүчү майдын литрине 1 сомдон төлөнөт. Каражат түз Жол фондуна түшөрү айтылган.Улуттук банк "ак" доллар (2006-жылга чейин чыгарылган банкнота) менен жүргүзүлгөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору даярдалган. Анда белгиленгендей, бул банкноталар жаңы аналогдоруна караганда жөнөкөй дизайнга ээ жана коргоо элементтери азыраак. "Эски көрүнгөнү менен "ак" доллар мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калууда. Бирок айрым учурларда финансылык-кредиттик уюмдар жана кардарлар аларды алмаштырууда же кабыл алууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Бул жасалма акчадан кооптонуудан улам болот", — деп айтылат негиздемеде.2024-жылдын 1-декабрына карата 414,4 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 миң 425 тоннага көп экенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштеүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Өлкөдө эт өндүрүүнүн жогорулашы малдын көбөйүшүнө байланыштуу экени айтылды. Мындан тышкары, быйыл 11 айда 1692,5 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 38208 тоннага көп. Саан уйлардын саны быйыл былтыркы жыл менен салыштырмалуу 16,5 башка көбөйгөн. Бүгүнкү күнгө карата республикада 7 млн 344 миң 54 даана жумуртка өндүрүлдү, бул былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 95 миң 830 даанага көбүрөөк. Жумуртка өндүрүүнүн жогоруулашынын себеби тооктордун саны 571,1 миң башка көбөйүшү жана тооктордун орточо тукумдуулугу 18 даана жумурткага жогорулашы менен байланыштуу.Европарламенттеги Словакиянын депутаты Любош Блага аталган өлкөнүн премьер-министри Роберт Фицонун Москвага келишин Зеленскийдин текебердигине берген жообу деп атады. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды. "Зеленский өзүнүн бой көтөргөндүгү үчүн мындан күчтүү нерсеге тушуккан эмес эле", — деген Блага. Эл өкүлү эки өлкөнүн мамилесине токтолуп, тарыхый окуяларды эске салган. "Россия бизге душман эмес, алар менен согушпайбыз, тескерисинче, Россияга словак элинин сый-урматы күчтүү", — деп Блага Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы фашизм менен болгон күрөштө бир дагы улут орустарчалык жабыркабаганын белгилеген.Ошондой эле айрым банктарда шектүү банкноталар пайда болгонун эске алып, "ак" доллар менен жүргүзүлгөн операциялар үчүн комиссия киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/17/1091021340_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a8b12217a4feec1dc90f82010edbf07d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио