00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как РКФР отбирает проекты для финансирования и поддерживает инициативы в ЕАЭС
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү бериле баштады — эмнелерди билүү керек?
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
2024-жыл “Элдик Банк” үчүн тарыхый бурулуштуу жыл болду
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Секреты актерского успеха: как развить все необходимые качества
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Пайыздык коюмдар жана инфлация
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Развитие трансплантации, строительство больниц и изменение законов: итоги года в здравоохранении КР
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Үй бүлө куруу керекпи же маанилүү эмеспи? Үй бүлө институтунун бүгүнкү абалы
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2024-жыл “Элдик Банк” үчүн тарыхый бурулуштуу жыл болду
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Абак деген абак, өзүнүн сүрү бар, кандай болгон күндө дагы борбор калаабызга шаң тартуулай албайт. Ошондуктан №47 колонияны шаар четине чыгарып, ордуна жай турмуш өкүм сүрсүн деген ниетте турак жай курууну пландаганбыз. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров билдирди. Ал бүгүн мамлекеттик ипотеканын алкагында дагы 510 бишкектик үй-бүлөгө батирлерди тапшырды. "Бул турак жай комплекси үчүн алынган жер тилкесинде мурда №47 түзөтүүчү колония жайгашканын жакшы билесиздер. Абактын ордуна үй курулуп жатат деп ар нерсени жоромолдогондор болду. Урматтуу үй ээлери, абакты бул жакка коёлу, азыркы жашап жаткан үйлөрүңөрдүн таман астында адам атадан бери санасак миңдеген адамдардын сөөгү жатат. Эгер чындап келсе дүйнө жүзүндө, тоолорду кошпогондо, түз жерлерде, таза жер жок. Зулкарнайн деген пайгамбарыбыздын көзү өткөндө таза жер издеп, ошол мезгилде эле табышкан эмес. Ошондуктан биз бул кичи районду жакшылыкка жоруп, келечек муундарга түрмөлөрдү эмес, жаркыраган турак жайларды куруп берип кетели деп атын "Мурас" койдук. Кудай буюрса, "Мурастын" үйлөрүнөн балдардын күлкүсү жаңырып, шаарыбызды көрккө бөлөйт деген үмүттөмүн", — деди Жапаров. Ал бүгүнкү берилип жаткан үйлөр жалпы 4 700 батирди камтыган ири долбоордун бир гана бөлүгү экенин кошумчалады.
Кыргызстан январь-октябрь айларында 1 926,4 тонна ак май экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 1 240,1 тонна сыртка сатылган, натыйжада өсүү 55,3 пайызды түздү. Май сатып алган өлкөлөр: Россия — 1 210 тонна; Казакстан — 652,1 тонна; Өзбекстан — 64,2 тонна; Кытай — 0,1 тонна. Мындан тышкары, Азербайжан менен Беларуска да аз өлчөмдө жөнөтүлгөн.
Тыгын күчөгөн мезгилде товар жеткирүүнү чектөө сунушталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын сайтында кабарланган. Кеп базар, соода борборлору жана күркөлөргө товар жеткирген жүк ташуучу унаалар тууралуу болуп жатат. Муниципалитет товар жеткирүү, аны түшүрүү, жүктөө жолдо кошумча тыгын жаратарын белгилеген. Мэрия мындай чара баалардын өсүшүнө алып келерин түшүнүп, дары-дармек жана башка социалдык маанилүү товарларга чектөө жайылтылбай турганын белгилеген. Бишкек шаарында жалпы 70 базар, 35тен ашык соода борбору, 3 500 күркө жана 100 дарыкана бар экени кошумчаланды.
Мигранттардын балдары мектепте окушу үчүн орус тилинен тест тапшыруусу 2025-жылдын 1-апрелинде башталат. Бул туурасында Россиянын вице-премьери Дмитрий Чернышенконун айтканын РИА Новости жазды. "Азыр Рособрнадзор тесттен өткөрүү системасында методикалык материалдарды, баалоо критерийлерин даярдап жатат, себеби ар кайсы класстар үчүн тесттин ар кыл деңгээлдери керектигин түшүнүп турабыз.Келе жаткан жылдын 1-апрелинен тарта мындай иштер өлкөбүздүн бардык билим берүү жайларында ырааттуулук менен өнүгө баштайт", — деген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары.Чернышенконун айтымына караганда, Россияда жылына мигранттардын 155 миңге чукул балдары мектепке барат. Буга чейин Мамлекеттик Дума Россиядагы мектептерге мигранттардын орус тилин гана билген балдары кабыл алынат деген мыйзам чыгарган. Эми алар тилди билерин тесттен өтүп аныктап бериши керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0