00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Бишкектеги тергөө абагында 20дан ашык адам 20-декабрдан бери ачкачылык кармап жатышат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечээ ведомствонун кызматкерлери абакка барышкан. "Мониторингдин жүрүшүндө камактагылар менен баарлашып, алар 20дан ашык адам ишембиден бери кургак ачкачылык кармап жатканын кабарлашкан. Муну менен алар жактоочуга тоскоолдуксуз жолугууну талап кылып, күч колдонууга каршы экендигин айтышкан", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле институттун кызматкерлери абактагылардын айрымдарын карап чыгышкан. Алардын ичинен экөө ЖАК кызматкерлери тарабынан сабалганын белгилеп, акыйкатчыга арыз жазышкан. Айыпталуучулардын айтымында, аларды союл менен уруп, тепкилешкен. Арызда денелери көгөрүп, шишигени байкалганы жазылган. Ал эми жабыркагандар криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү экени белгиленди. Мониторинг учурунда 21-декабрдан баштап ЖАКтын администрациясы айыпталуучулар жана соттолгондор үчүн жактоочу менен жолугушуу графигин өзгөрткөнү аныкталды. Жаңы графикке ылайык, адвокаттар ишемби жана жекшемби күндөрү мурдагыдай абакка кире албай калышкан. Акыйкатчы институту топтолгон матераилдарды Башкы прокуратурага жибергенин кошумчалады.
Өлкөдө социалдык турак жайга кезекте тургандардын саны 40 миңден ашуун. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасы менен турак жайлар курулууда. Алардын бири №47 түзөтүүчү колониянын ордуна жайгашкан "Мурас" турак жай комплексиндеги бир жана үч бөлмөлүү 510 батирдин ачкычын президент Садыр Жапаров өз ээлерине тапшырды. Жалпысынан комплекс 4 700 батирди камтып, анын курулушун 2026-жылдын соңуна чейин бүткөрүү пландалууда. Президент ачкычтарды тапшырган соң тургундардын батирлерин жана турак жайдын от казанын көрүп чыкты. Ал "Мурас" комплекси социалдык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун үлгүсү болоруна ишеним артты.
Кыргызстанда орто эсеп менен 285 илбирс катталып, алардын саны өсүп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Ак илбирстин эл аралык күнүнө арналган иш-чарада айтылды. Маалыматка ылайык, 2020-жылдан 2024-жылга чейин фотокапкандар орнотулуп, санак жүргөн. "Окумуштуулар 125 миң чарчы чакырымдан ашуун аянтты изилдешкен. Жер-жерлерге орнотулган 875 фотокапканга илбирстер 335 жолу түшкөн", — деп айтылат маалыматта. Изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда ак илбирстин саны 234төн 349га чейин экендиги, орто эсеп менен өлкөдө 285 чоң илбирс жашай тургандыгы аныкталган. Кыргызстанда илбирстерди коргоого багытталган иштер жигердүү жүрүп келет. Алгач мыйзам талаасы тартипке келтирилип, ак илбирсти аткандар үчүн 1,5 миллион сом айып каралган. Буга утурлай президент Садыр Жапаров "Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Андан соң БУУнун Башкы Ассамблеясына резолюция киргизип, ага ылайык, 23-октябрь — Ак илбирстин эл аралык күнү деп белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0