00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагында кулаган учактан аман калган кыргызстандыктардын абалы тууралуу маалымат берди. Мекеменин маалыматында, эки кыргызстандыктын өмүрүнө коркунуч жаралган жок, ал эми үчүнчү кишинин абалы оор. “Азербайжандын, Россиянын жана Казакстандын дарыгерлеринин консилиумунда аны жасалма дем алдыруучу аппаратка кошуу чечими кабыл алынды. Операция абалы жакшырганда гана жасалат”, — деп билдирди ТИМ. 28-декабрда аман калгандардын жакындары Казакстанга бара турганы кошумчаланды. Мангистау облусундагы кыргыз диаспорасы жабыркагандарга көмөк көрсөтүп, байланышта болуп жатканын белгилешти. Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан учакта жалпы 67 адам болгон, анын 38и каза тапты. Борттогулардын 37си Азербайжандын, 16сы Россиянын, алтоо Казакстандын, үчөө Кыргызстандын жараны, дагы беш экипаж мүчөсү болгон.
Шайлоодо добушун саткандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков даярдаган.Анын негиздемесинде шайлоодогу мыйзам бузуу, айрыкча добуштарды сатуу демократияга коркунуч жаратып, жарандардын эркин тандоосун бурмалап жана шайлоо системасына ишенимди азайтат.Бул көйгөйдү чечүү максатында Кылмыш-жаза кодексине 196-1-беренесин киргизүү сунушталууда. Анда добуш берүү укугун акча, материалдык баалуулуктар, кызмат көрсөтүүлөр же башка жеңилдиктер үчүн саткандарга кылмыш жоопкерчилигин киргизүү — 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин айып салынат; эгерде жаран анын добушун сатып алуу аракети тууралуу тергөө башталганга чейин компетенттүү органдарга билдирсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу каралган.
Министрлер кабинети 2025-жылда боло турган айыл чарба каттоосуна 278 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.Маалыматка ылайык, Ысык-Ата жана Араван райондорунда сынамык айыл чарба каттоосу ийгиликтүү аяктады."Министрлер кабинети каттоону өткөрүүгө 278 миллион сом бөлгөн, анын 87,8 пайызы кызматкерлердин маянасына жана социалдык фонд төлөмдөрүнө жумшалат. Каттоо иштерине 6,8 миңден ашык кызматкер тартылат. Бирок толук масштабдуу иш-чараларды ишке ашыруу үчүн кошумча каржылоо зарыл. Ошондуктан эл аралык өнөктөштөр менен иштер жүрүүдө. Мисалы, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 30 миң доллар бөлүүгө даяр", — деп айтылат маалыматта.Айыл чарба каттоосу агрардык сектордун өнүгүүсүнө негиз болуучу маалыматтарды тактоого жана бул тармактагы саясатты жакшыртууга багытталган маанилүү кадам экени кошумчаланды.
Кочкор-Ата шаарындагы оорукананын имараттары жер тилкеси менен кошо менчиктештирилип кеткен. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Атайын кызматтын айтымында, жергиликтүү аткаминерлер 1993-жылдан 2009-жылга чейин оорукананын балансындагы төрт имаратты, төрөткананы бир бөлүгүн жана 28 сотых жер тилкесин менчикке чыгарып кетишкен."Учурда оорукананын аймагына эки турак үй, эки жеке клиника жана беш дарыкана курулган", — деп айтылат маалыматта.Ошондой эле объектилерди шаардык оорукананын балансына кайтаруу процедурасы башталганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0