00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Таберик
09:34
25 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
3 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только
20:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Өлкөдө бир күндө 17 өнөр жай ишканасы жана инфраструктуралык объектилер ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, Министрлер Кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө өлкөнүн ар кайсы аймактарында жайгашкан 17 жаңы өнөр жай жана инфраструктуралык объектилердин салтанаттуу ачылышы онлайн режиминде өттү. Бул объекттер 2024-жылга карата жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү программасынын акыркы объекттери болгон. «Урматтуу кыргызстандыктар, өлкөбүздө жүздөгөн заводдор, фабрикалар ишке кирип жатат. Бүгүн биз расмий түрдө 2024-жылга пландаштырылган 17 объект жана жалпысынан 102 өнөр жай ишканалары ачылганын жарыялайбыз! Анын ичинен 85и жыл ичинде ишке киргизилген. Мен 17 жаңы ишкананын ачылышына старт берип жатам», - деди МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев. Белгилей кетсек, ишке киргизилген ишканалар экономиканын түрдүү тармактарын, анын ичинде өндүрүш, курулуш, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармактарын камтыйт.
Бүгүн өлкөнүн бир катар аймактарында кар жаап, күн бүркөк. Ага карабастан, жолдор ачык, унаа кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз –Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Кечээ Бишкек – Ош унаа жолундагы Арал постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган убактылуу чектөө алынды. Ал эми Башкек – Нарын – Торугарт жолундагы ашууларда күн ачык, жолдо каттам журуп жатат. Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына чынжырча алып жүрүүгө чакырат.
Бишкек электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал 1 миллион 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда колго түшкөн. "Бишкек электр тармактар ишканасынын ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын улук инспектору кармалды. Шектүү жаңы турак жай комплекстерин электр тармагына кошуу үчүн техникалык шарттарды берүүдө жеке курулуш компанияларынан акча талап кылгандыгы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Түштүк Кореяда сот биринчи жолу президентти камакка алууга ордер берди Түштүк Корея президентти Юн Сок Ёль үч жолу аскердик абалды киргизгендиги боюнча суракка барган эмес. Тергөөчүлөр андан кийин сотко кайрылышкан. Ренхап агенттиги ордер берилген күндөн тарта бир жума жарактуу болорун жазды. Жакынкы убакта күч түзүмдөрү ордерди колдонушу керек. Юн Сок Ёль кызматынан убактылуу четтетилгенине карабастан, өлкөнүн учурдагы жетекчиси болуп саналат. Ал азыр президенттин Коопсуздук кызматынын коргоосунда. ЖМКлар президентти кармоого келгенде анын күзөтчүлөрү каршы чыгарын жазышууда. Ал эми өлкө башчынын жактоочусу ордер “мыйзамсыз” экенин айтып, нааразычылыгын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0