https://sputnik.kg/20250113/chek-ara-korruptsiya-karshy-keneshme-ottu-1091389729.html
Катуу жаза колдонулат! Чек ара кызматында коррупция боюнча кеңешме өттү
Катуу жаза колдонулат! Чек ара кызматында коррупция боюнча кеңешме өттү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга камакка алуу, мамлекеттик структураларда иштөө укугунан түбөлүккө ажыратуу сыяктуу катуу... 13.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-13T19:16+0600
2025-01-13T19:16+0600
2025-01-14T10:55+0600
кыргызстан
укмк
чек ара
коррупция
кылмыш
жаза
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0d/1091389078_0:0:1280:721_1920x0_80_0_0_57a5593f41bdbbb97ae66ce457779832.jpg
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга камакка алуу, мамлекеттик структураларда иштөө укугунан түбөлүккө ажыратуу сыяктуу катуу жазалар колдонулат. Бул тууралуу УКМКнын Башкы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Эркин Маканбаев билдирди.Ал бүгүн, 13-январда, УКМКнын Чек ара кызматынын Борбордук аппаратында өткөн коррупцияга каршы күрөшүүгө арналган кеңешмеге катышкан. Ал аскер кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн мыйзамдардын күчөтүлгөнү тууралуу маалымат берди.Ал эми Чек ара кызматынын жетекчиси, генерал-майор Абдикарим Алимбаев коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири экенин белгиледи.“Чек ара кызматында коррупцияга каршы күрөшүү механизмин иштеп чыгуу боюнча кеңири иштер жүргүзүлдү. Бирок бул жааттагы натыйжалар жетишсиз экенин түшүнөбүз жана аракетибизди күчөтө беребиз”, — деди Алимбаев.Кеңешменин жыйынтыгында аскер кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү, ошондой эле ачык- айкындуулукту жогорулатуу чечими кабыл алынды.
https://sputnik.kg/20250113/bazar-korgon-ukmk-kylmysh-korruptsiya-1091377628.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0d/1091389078_48:0:1187:854_1920x0_80_0_0_54a36a3ffd207320903bb4fe4633df14.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, укмк, чек ара, коррупция, кылмыш, жаза
кыргызстан, укмк, чек ара, коррупция, кылмыш, жаза
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга камакка алуу, мамлекеттик структураларда иштөө укугунан түбөлүккө ажыратуу сыяктуу катуу жазалар колдонулат. Бул тууралуу УКМКнын Башкы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Эркин Маканбаев билдирди.
Ал бүгүн, 13-январда, УКМКнын Чек ара кызматынын Борбордук аппаратында өткөн коррупцияга каршы күрөшүүгө арналган кеңешмеге катышкан. Ал аскер кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн мыйзамдардын күчөтүлгөнү тууралуу маалымат берди.
“Коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдар эркинен ажыратууга чейинки катуу жазага тартылат. Андан сырткары, алардын жакын туугандары мамлекеттик кызматтан четтетилип, өздөрү мамлекеттик структураларда иштөө укугунан түбөлүккө ажыратылат”, — деди Маканбаев.
Ал эми Чек ара кызматынын жетекчиси, генерал-майор Абдикарим Алимбаев коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири экенин белгиледи.
“Чек ара кызматында коррупцияга каршы күрөшүү механизмин иштеп чыгуу боюнча кеңири иштер жүргүзүлдү. Бирок бул жааттагы натыйжалар жетишсиз экенин түшүнөбүз жана аракетибизди күчөтө беребиз”, — деди Алимбаев.
Кеңешменин жыйынтыгында аскер кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү, ошондой эле ачык- айкындуулукту жогорулатуу чечими кабыл алынды.