https://sputnik.kg/20250331/rzhev-sogushunda-100-mindegen-asker-kurman-bolgon-1093015615.html
Жүз миңдеген жоокер өмүрүнөн ажыраган Ржев согушу. Видео
Жүз миңдеген жоокер өмүрүнөн ажыраган Ржев согушу. Видео
Sputnik Кыргызстан
1943-жылы 31-мартта Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхындагы эң кандуу кармаштардын бири болгон, 14 айга созулган Ржев салгылашы бүткөн. 31.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-31T19:08+0600
2025-03-31T19:08+0600
2025-03-31T19:08+0600
видео
ссср
улуу ата мекендик согуш
чабуул
фашисттер
жоокерлер
ржев салгылашы
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1f/1093016156_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_262b5dd7ceab2da0867ad2a349cee7d4.jpg
Бул тилкеде Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясы немецтердин "Борбор" деп аталган армиясынын үчтөн бирин кудуретсиз кылып кармап турган. Сөз кылып жаткан кармаш 1942-жылдын 8-январында башталып, бир жылдан ашык мезгилге созулган. Аталган жердеги согуш немец аскерлерин Сталинграддын алдына же Кавказ жакка жиберүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес, образдуу айтканда, колу-бутун бууп койгон.Дал ушул Ржевдин алдындагы согушта советтик аскерлер немецтердин эшелондогон коргонууларын бузганды жана камалоочу топторду колдонууну үйрөнгөн. Кызыл Армия жүз миңдеген жоокеринен ажыраган, бирок алардын каны бекеринен төгүлгөн эмес."Ржев салгылашы Улуу Ата Мекендик согуштагы башка кармаштардын көлөкөсүндө калып келет. Бирок бул жер кийинки муундардын эстеп, эскерип, таазим кылып жүрүшүнө татыйт", — деген 2020-жылы РФ лидери Владимир Путин Ржев мемориалын ачып жатканда....1943-жылдын 3-мартында Ржевди Батыш фронттун аскерлери бошотуп, 31-мартта Ржев‑Вяземский плацдармы алынган. Бул салгылашты батышка жылдырып, Москвага жаралган коркунучту жок кылган.Расмий маалыматтарда 1942‑1943-жылдары Ржевдин алдында бул канды булоондо миллиондон ашуун советтик жоокерлер, офицерлер курман болгон делет. Ал эми бейрасмий маалыматтарда Ржев согушунда 2 миллиондон ашык аскер курман болгону айтылат.
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1f/1093016156_320:0:1280:720_1920x0_80_0_0_14ac36c02edded4d79c4728c70a0cfd9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
видео, ссср, улуу ата мекендик согуш, чабуул, фашисттер, жоокерлер, ржев салгылашы, видео
видео, ссср, улуу ата мекендик согуш, чабуул, фашисттер, жоокерлер, ржев салгылашы, видео
Жүз миңдеген жоокер өмүрүнөн ажыраган Ржев согушу. Видео
1943-жылы 31-мартта Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхындагы эң кандуу кармаштардын бири болгон, 14 айга созулган Ржев салгылашы бүткөн.
Бул тилкеде Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясы немецтердин "Борбор" деп аталган армиясынын үчтөн бирин кудуретсиз кылып кармап турган. Сөз кылып жаткан кармаш 1942-жылдын 8-январында башталып, бир жылдан ашык мезгилге созулган. Аталган жердеги согуш немец аскерлерин Сталинграддын алдына же Кавказ жакка жиберүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес, образдуу айтканда, колу-бутун бууп койгон.
"Талкаланып, сынган беш-алты дарак, тымтыракайы чыккан үйдүн соо калган дубалы жана чакан дөңсөө үчүн айыгышкан кармаш жумалап жүрүп жатты", — деп жазган аскердик кабарчы Илья Эренбург.
Дал ушул Ржевдин алдындагы согушта советтик аскерлер немецтердин эшелондогон коргонууларын бузганды жана камалоочу топторду колдонууну үйрөнгөн. Кызыл Армия жүз миңдеген жоокеринен ажыраган, бирок алардын каны бекеринен төгүлгөн эмес.
"Ржев салгылашы Улуу Ата Мекендик согуштагы башка кармаштардын көлөкөсүндө калып келет. Бирок бул жер кийинки муундардын эстеп, эскерип, таазим кылып жүрүшүнө татыйт", — деген 2020-жылы РФ лидери Владимир Путин Ржев мемориалын ачып жатканда.
...1943-жылдын 3-мартында Ржевди Батыш фронттун аскерлери бошотуп, 31-мартта Ржев‑Вяземский плацдармы алынган. Бул салгылашты батышка жылдырып, Москвага жаралган коркунучту жок кылган.
Расмий маалыматтарда 1942‑1943-жылдары Ржевдин алдында бул канды булоондо миллиондон ашуун советтик жоокерлер, офицерлер курман болгон делет. Ал эми бейрасмий маалыматтарда Ржев согушунда 2 миллиондон ашык аскер курман болгону айтылат.