00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
6 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда бүгүн Курман айт белгиленип, майрамдык намаздар окулду

© Sputnik / Табылды КадырбековМайрамдык айт намаздын катышуучулары.
Майрамдык айт намаздын катышуучулары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстанда Курман айт болгондуктан, 12-сентябрь өлкөдө эс алуу күн деп жарыяланган.

БИШКЕК, 12-сен. – Sputnik. Бүгүн Кыргызстандагы мусулмандар Курман айтты белгилеп, майрамдык намаздар дээрлик бардык аймактарда окулду. Эң көп адам чогулган аймак – Бишкек жана Ош шаарлары болду.

Борбор калаадагы айт намазга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышып, президент Алмазбек Атамбаевдин кыргыз элин куттуктоосун жеткирди. Борбор калаадагы Эски аянтта миңдеген шаар тургундары менен коноктору майрамдык айт намазга келди.

Ал эми мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев намазга өзүнүн туулган айылы Арашанда жыгылып, андан соң кичинекей балдар менен жолукту. Бул иштерден кийин "Ата-Бейит" мемориалына барып, 2010-жылдын апрель айында жана 1916-жылы Үркүндө каза болгондордун элесин эскерип, куран түшүрдү.

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарыннын борбордук аянтындагы Курман айт намазы
Праздничный Айт-намаз, посвященный Курман айт на площади в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарыннын борбордук аянтындагы Курман айт намазы

Ош шаарындагы окулган борбордук аянтта Курман айт намазына 10 миңден ашуун адам катышып, шаар башчысы Кадырбаев жалпы мусулмандарды майрамы менен куттуктап, өлкөнүн тынчтыгын тиледи.

Кылкылдап тизилген эл. Эски аянттагы айт намаз - Sputnik Кыргызстан
Кылкылдап тизилген эл. Эски аянттагы айт намаз
Баткен шаарындагы спорт аянтына Курман айт намазын окууга миндеген кишилер чогулду. Андан сырткары чек арага жакын тажик айылдардын, тагыраагы кошуна өлкөнүн жарандары катышты. Айт намазына келгендерди өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Абиш Халмурзаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттуктап, калкка аманчылык каалады. 

Баткендеги кабарчыбыздын билдиргенине караганда, акыркы жылдары айт намаздарга активдүү келгендердин курагы 12-30 жаштын тегерегинде болууда. 

Талас калаасындагы борбордук аянтта окулган Курман айт намазына өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев катышты. Андан сырткары мусулмандарды шаар мэри Анарбек Кушубеков жана облус казысы Таалай ажы Бапиев куттуктады.

Нарын шаарында борбордук аянтта окулган майрамдык намазга бир нече миңдеген кишинин башын бириктирди. Ага өкмөттүн Нарын дубаны боюнча ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов баш болгон аткаминерлер катышып, элди куттуктап, андан соң намазга жыгылды. 

Бүгүн кыргызстандыктар айт майрамын белгилеп жатат, мындан улам өлкөдө эс алуу деп жарыяланган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0