Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында Бишкек — Ош унаа жолунда Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Анда жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай калгандан улам үч жеңил машинаны (BMW, Honda Stepwgn жана Subaru) сүзүп кеткен. Кырсыктан BMW унаасындагы беш адамдын төртөө каза болуп, башка машиналардагы сегиз жүргүнчү ооруканага жактырылган. Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондор бир үй-бүлөнүн мүчөсү болгонун тастыктады.
![Крупное ДТП в тоннеле им К. Кольбаева на перевале Тоо-Ашуу Крупное ДТП в тоннеле им К. Кольбаева на перевале Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103012/90/1030129066_0:185:1000:750_600x0_80_0_0_59d36093020ab1c51f8013bf46fcd80c.jpg)
Материалдар
Керек убакытты тандоо
Дагы 20 материал