2016-жылы 25-декабрда Москвадан Сирияга учуп чыккан Ту-154 учагы Кара деңизге кулап түшкөн. Анын ичинде 92 киши болгон. Алардын баары каза тапкан.
Кырсыктын себеби катары азырынча анын кыймылдаткычына башка нерселердин урунушу, сапатсыз май, учкучтун катачылыгы жана учактын техникалык мүчүлүштүгү айтылууда.