Эл өкүлү Аида Салянованы УКМК сурак берүү үчүн 31-январда чакырган. Бирок депутат барган эмес, 1-февралда кайтадан билдирүү жиберген. Бул жолу депутат УКМКга сурак берүү үчүн келди.
Белгилей кетсек, 2016-жылы декабрь айында Башкы прокуратура Аида Саляновага карата юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп кылмыш ишин козгогон.