Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 17 жаштагы тургуну ата-энесинин кордугуна чыдабай үйүнөн качып кеткени айтылууда. Ал Бишкек шаарындагы реаблитацилык борборлорунун бирине жайгаштырылды.
Өз кезегинде өспүрүмдүн ата-энеси кызына кол көтөрбөгөнүн айтышууда. Кыздын атасы эч кандай өгөй эмес экенин, ал алардын үчүнчү кызы экенин атайын маалымат жыйында билдиришкен болчу.