2016-жылдын 4-январында Екатеринбург шаарында жашап жаткан кыргызстандык өспүрүм Айганыш Канат кызы кечинде дүкөнгө чыгып кеткен бойдон үйгө кайрылып келген эмес.
13 жаштагы Канат кызы Айганыш — үйдүн улуусу, андан кийин үч бир тууганы бар. Энесинин Екатеринбург шаарында жашаган туугандары "бала каратабыз, кийим-кече алып берип, кийин окутабыз" деп эки жыл мурда Россияга алып кеткен.