2018-жылы 21-январда Бишкектеги "Гараж 312" түнкү клубунда атайын операция жүргөн. ИИМдин билдиришинче, бул жерде баңгизаттары сатылып турган. Клубдун беш кызматкери кармалып, аларды тинтүү учурунда бир нече баңгизаттары табылган. Милиция кылмыш ишине тиешеси бар башкаларды издөө иштерин улантууда.