Борбор калаадагы "Ала-Тоо" ресторанында 31-мартта болгон үйлөнүү тойдон 151 адам ууланып дарыгерге кайрылган. Алар балык жана тоок этинен ууланганы болжолдонуп жатат. Окуяга байланыштуу шаардык Санитардык-эпидомиологиялык көзмөлдөө борбору текшерүү жүргүзүп жатат. Тойго Ысык-Көл, Нарын жана Ош облусунан 190дой мейман келген.