Бекешев Дастан Далабаевич — өмүр баяны
14:45 24.11.2015 (Жаңыртылды: 17:44 28.01.2022)
© Sputnik / Табылды КадырбековБекешев Дастан Далабаевич
![Бекешев Дастан Далабаевич Бекешев Дастан Далабаевич - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/0c/1e/1060854740_188:179:2894:1701_600x0_80_0_0_aa2324d313c82a87775a98fc7e0ed054.jpg)
Жазылуу
Дастан Бекешев 1983-жылы 22-ноябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Билими жогору. 2006-жылы Кыргызстан-Россиялык Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2006 — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук салык кызматынын кызматкери
2007-2010 — Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөндөштүрүү министрлигинин кызматкери
октябрь, 2010 — "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты
декабрь, 2010 – Адам укуктары, бирдей мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитеттин төрагасы
2012 — Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча комиттеттин төрагасынын орун басары
2013— Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү
2015-2021 — КСДП тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган
2021-жыл, декабрь — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын Октябрь шайлоо округу боюнча депутат.
Жогорку Кеңештин жана Экономикалык жөндөштүрүү министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.